Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдувахаб Мониев: “Улуу элбиз, байыркы тарыхыбыз бар” деп Кытай айтса жарашпайбы?”

Абдувахаб Мониев: “Улуу элбиз, байыркы тарыхыбыз бар” деп Кытай айтса жарашпайбы?”

22-март, 12:33
1 391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

-- Абдувахаб ага, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билим берүүнүн маанилүүлүгүн айтып жатасыз. Бул ой биз үчүн жаңылык эмес. Мисалы, Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев деле илим-билим тууралуу көп айтчу...

-- Ооба, Акаев көп айтчу. Бирок, ал “биздин эң башкы көзүрүбүз – илим-билим. Биз билимдүүбүз, бул кыргыз элинин негизги байлыгы” деп турмуш чындыгына коошпогон карандай статистикага таянып, калпты шыпыртчу. “Илим-билим потенициалыбызды пайдаланып, тез эле өнүгүп кетебиз” деген баёо кыялга жетеленчү. Мүмкүн, жогорку билимдүү деген дипломго ээ болгондордун саны боюнча Кыргызстан СССРде, алтургай дүйнөдө алдыңкы орундарда турса керек эле. Көчмөн калк жалкоо келет экен. Анан дагы бөтөн журтка көз карандылыкта жашаган, кулчулук сезимден кутулбаган калктын өкүлдөрү чоң болуп чочоңдогонду самаган амалпараз болот тура. Ошентип папке көтөрүп, бел оорутпай, жеңил оокат кылууну көздөп, кыргыздын көбү чыныгы илим-билимге ээ болуш үчүн эмес, “жогорку билимдүү” деген диплом алыш үчүн эле ЖОЖго окуган, окуп жатышат. Экинчи жагынан алганда, СССР накта тоталитардык-авторитардык мамлекет эмес беле? Мындай дөөлөт коомдук аң-сезимдин өсүшү, жарандарынын ар тараптуу билимге ээ болуп, интеллектуалдык потенциалынын жогорулашы үчүн берилип кам көрбөйт. Жарандары жапырт билимдүү, акылдуу болуп кетсе, баары диссидент болуп чыкпайбы, туурабы? 

Акаевдин учурунда кантсе да стабилдүү мамлекет элек. Элге болгон абалды, акыйкатты айтып, чыныгы билимге болгон умтулуусун ойготуп, коомдук аң-сезимди өзгөртүп, туура нукка бурганга анда кыйла мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок, ал мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жок. “ХХ кылымдын кадрлары” дегендей жакшы программалары бар эле, аларды ишке ашырганга деле астейдил күч үрөбөдү. Тек гана ЖОЖдордун санын көбөйтүп, кыргыздын курунамысчыл кумарын кандырды. Ошентип, Россия шаарлары үчүн “жогорку билимдүү” көчө шыпыргычтарды даярдап калдык. Чет өлкөлөрдөгү билим, адистик талап кылбаган кара жумушту кыргыздын миңдеген “квалификациялуу” юристтери, экономисттери, инженерлери аткара баштады. 

-- Акыркы кезде бийлик деле билим берүүгө өзгөчө маани берип жаткандай. Сооронбай Жээнбеков президент болгону биринчи болуп мугалимдердин айлык акысы көтөрүлдү. Ушул жагдайлар билим берүүнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөбү?

-- Эми мугалимдердин айлык акысы тууралуу кеп болсо, аны көп десе да болот, аз десе да болот. Көп дегеним, азыркы педагогикалык кызматкерлердин дээрлик 60-70 пайызынын деңгээли өтө төмөн, пара менен окуп, эптеп диплом алып алгандар. Заман талабына төп келбейт. Чын-чынына келсе, алардын анык эмгеги, дарамети үчүн азыркы алган айлыгы деле көптүк кылат. Дүйнөдө мыкты билим, жогорку квалификация гана кымбат бааланат эмеспи. Ал эми мыкты мугалимдер үчүн бул айлык акы өтө аз. Ал мугалимдик кесипти атаандаштык жарата турган кадырлуу кесипке айлантып, коомдук статусун жогорулата албайт. Күчтүү, билимдүү жаштар мектепке барбайт. Ошон үчүн биз мугалимдердин айлыгын 20-30 пайыз деп чүмчүлөп отурбай, 100 пайызга кескин көтөрүп, тобокелчиликке бармайын, андан эч кандай майнап чыкпайт. Ошондо гана мугалимдик кесип үчүн атаандаштык пайда болот, начарлар сүрүлүп, мыктылар барат. 

-- Мамлекетибиздин чөнтөгү баарыбызга белгилүү го. Албетте, өкмөтүбүз андай тобокелчиликке бара албайт, же мектеп мугалимдеринин айлыгын кескин деңгээлде жогорулатуу үчүн башка булактарды тапса болобу?

-- Ушул кембагал өкмөтүбүздүн тапкан каражаты деле бүгүн натыйжалуу пайдаланылып жатат дегенге болбойт. Маселен, канча каражат мамлекеттик башкаруу органдары үчүн эч бир максатсыз жумшалат. (Өкмөт кембагал, бирок, анын эсебинен министрлери орун басарларыына чейин олчойгон “Джип” минет). Парламент депутаттарынын санынан, аларга кеткен чыгымдан баштап, бирин-бири кайталаган керексиз бийлик структураларын жоюу, аймактык-административдик реформа жасап, район-облустарды кыскартуу аркылуу эле канчалаган каражатты үнөмдөсө болот. Мамлекетибиз кембагал болгонуна карабай, калкка пенсия-пособие дегендей социалдык чыгымдоолору да ашыкча. Максат ошол кембагалдыктан биротоло арылуу болуп жаткан соң, көпчүлүк социалдык чыгымдоолордон, долбоорлордон убактылуу баш тартуудан коркпош керек. Утурумдук көп ишти курмандыкка чалмайынча кең келечек жок.

-- Ушулардан акча үнөмдөп, мамлекет билим берүү тармагын толук кандуу камсыз кыла алабы?

-- Жок, ата-энелердин көмөгүсүз билим берүүнүн чыгымын жабуу кыйын. Азыр мисалы, “кокуй, мектепте акча топтоп атат, муну токтотпосоңор болбойт” деп ызылдап атышпайбы, болбогон 100-200 сом үчүн деле. А чындыгында   бизде баласы үчүн мектепке айына 1000 сомдон акы төлөөгө көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн чамасы жетет. Той-топурду өткөрүп эле атышат го. Билим берүү акысыз деген советтик-социалисттик коомдун жобосу аң-сезимибизге бекем сиңип калган да. Ошон үчүн мектепке акы төлөш керек десе жаа бою секиребиз. Арасат болбой, мектепке акы төлөөнү  кечиктирбестен мыйзамдаштырып, жол-жобосун иштеп чыгуу керек. Мисалы, Бишкек, Ош баш болгон чоң шаарлардагы мектептерде акча мурдатан эле топтолуп келаткан. Ошол акчага мамлекет камсыз кыла албаган окуу куралдары, жабдыктар алынып, ремонт жасалчу. Андан кичине ашса, мугалимдер үчүн стимул катары пайдаланылчу. Эгер ал болбосо, шаардагы мектеп-гимназияларыбыздын эбак тамтыгы чыкмак. Демек, аз-аздан, символикалуу  болсо да баардык мектептерде окуучулар үчүн милдеттүү түрдө акы төлөөнү киргизүү зарыл.

-- Элибиз кедей да. Антип акы төлөөгө калкыбыздын капчыгы чак келеби?  

-- “Эгер чындап ыйласа, сокур көздөн жаш чыгат” дейт, анын сыңары, ниеттенсе, бир баланын окуусу үчүн, мисалы, айына 500 сом акча төлөөгө кыргызстандыктардын 100 пайызынын шаасы жетет. Дыйканчылык мезгилде талаада жалданып иштегендер деле күнүнө 500 сом табат. Менин болжолдуу эсептөөмдө, айылдагы жөнөкөй үй-бүлө өзү той өткөрбөгөн учурда деле, башкаларга кошумча кылып атып, жылына жок дегенде 30-40 миң сомдой акчаны тойго коротот. Бирок, ошолордун көпчүлүгү баласы үчүн мектепке 100 сом берип коюудан орунат. Балага компьютер алып берүү деген дегеле түшүнө кирбейт. Демек, проблема жетишпестикте эмес, аң-сезим, акылыбызда, дээрибизде илим-билимге умтулуунун жок экендигинде. Аң-сезимди өзгөртүү – алдыдагы биринчи милдет.

Негизи балага мыкты билим, мыкты таалим-тарбия берүү ата-энелердин катышуусусуз, жалгыз мектептин күчү менен ишке ашпайт. Мүмкүн, мектеп менен бирге эле балдарга татыктуу билим берүүгө көңул бурдуруу, туура таалим-тарбия берүүсүнө көмөктөшүүгө көнүктүрүү үчүн ата-энелер үчүн кыска мөөнөттүү курстарды ачуу керектир. Иши кылып, ата-эненин дилгирлигисиз бул жаатта ийгилик жок.

 -- Айрыкча элет жерлеринде көп балалуу, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөр арбын. Балдардын окуусу үчүн акы төлөө системасы кирсе, алар балдарын окута албай калып, кайра сабатсыздардын санын арбытпайбызбы?

-- Талаш жок, мындай учурда мамлекет кам көрөт. Бирок, мамлекетке эле ишенип, жүгүн арта салуу адат болбой, коомдо үй-бүлөнү пландаштыруу жараяны да күн тартибине коюлушу керек. Ата-эне канча баланы кемсинтпей багып, татыктуу билим-тарбия бере алат – ошого жараша балалуу болсун.

Эми биз жадагалса там салып жашагандарды да теңине албай, “төрт дубалдын ичине камалып кантип киши жашасын” деп мурун чүйрүгөн көчмөндук доордон эбак өтүп, дүйнөлүк жаңы цивилизациянын көчүнө аралашып калган элбиз.   Ушул цивилизациянын табигый мыйзамдарына баш ийип, ага ыңгайлашып жашоого аргасызбыз. Жаңы заман кыргыздын эски түшүнүктөрүнө баш ийбейт. Азыр дүйнөдө глобализация процесси жүрүп жатат. Кааласак-каалабасак да мындан четте кала албайбыз. А анын доорунда ким билимдүү, ким акылдуу, ким күчтүү болсо, ким дүйнөлүк тилдерде түш жоруп турса гана татыктуу жашайт. “Бир шыбакка бир улак, ар кимдин ырыскысы өзүнчө” деген айкөл, кенебес көз караштан арылып, санга эмес, сапатка маани берчү кез келди. Дегеле, азыркыдай “вирус-сирус” деген алааматтан эле Кудай сактаса, бу заманда ачка же жылаңач калган киши жок. Бирок, ырыскыны адам башка мамлекеттерде, бөтөн элге аргасыз корсунбай, кемсинбей таап жеши керек да. Эмне үчүн кыргызстандыктар бөтөн өлкө үчүн арзан баадагы кара жумушчуларды, малайларды гана даядап бериши керек? Эмне үчүн биз мандикерлердин санын көбөйтүшүбүз керек? Менимче, калкка мына ушундай жөнөкөй эле түшүндүрүлсө, кантип намысы ойгонбосун?..   

-- Башка мамлекеттерде, биздин коңшуларыбызда абал кандай? 

-- Коңшулар адаттагыдай эле бул жагынан да бизден алдыда. Айрыкча билим берүүнүн сапатын жогорулатып, дүйнөлүк стандартка умтулууда   Казакстан кыйла ийгилик жаратууда. Алар англис тилин өздөштүрүү боюнча дагы ат чабым алдыга кетти. Жакын арада латын арибине өтмөк болуп турушат. Талаш жок, ал кадамы келечек өнүгүүсү,   интеграция үчүн чоң өбөлгө болот. Бизде бул тууралуу ойлонгон адам жок. (Мурдагы жылы дал ушул “Азия Ньюс” гезити аркылуу “латын арибине өтүп, англис тилин өздөштүрүшүбүз керек” дей койсом, кыргыз интеллигенттери, ура-патриоттор жаалап каяша айтып жатып калышкан). Өзбекстанда деле өз кенемтесин сезип, ошого жараша аракет кылып жатышат. Аларда идиректүү балдарды чет өлкөдөгү мыкты ЖОЖдорго окутуу боюнча атайын мамлекеттик фонд да түзүлгөн.

Ушул жерден кылым Кытай мамлекетинин билим берүү саясаты тууралуу айта кетсек. Бул өлкөгө 2-3 жолу барып байкаганым: мамлекет балдардын билим алуусуна ашкере көңүл буруп жатыптыр. Мектеп окуучуларында тыным жок. Саардан кечке эле окууда. Тамактанып алып, түштөн кийин да окушат. Алардыкына салыштырмалуу биздин мектептеги окуу жөн эле оюнчук. Экинчиден, англис тилине өзгөчө маани беришет. Балдары мектептен эле бул дүйнөлүк тилди дээрлик өздөштүрүп чыгат. Кытай бу заманда да жашап аткан эски цивилизациянын ээси. А азыр дүйнөдө экинин бири. Калк саны дүйнө элинин дээрлик төрттөн бирин түзөт. Эми ошолор “биз деген улуу элбиз, байыркы тарых, маданиятыбыз бар, Кытай цивилизациясы жашаган чакта Европа жапайы болчу, агылчын тили эмес, эли да жок эле, бизге эч кандай башка тилдин кереги жок” деп көкүрөк кагып чыкса, башка тилди такыр танса жарашат эле да, туурабы? Ушуларды карап деле кичине сабак алсакчы...

-- Айтмакчы, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков тууралуу кандай ойдосуз? Кызматка келгенден эле анын дарегине ар кыл сындар айтыла баштады...

-- Чынара Жакыповадан кийин Кыргызстандагы билим берүү тармагы министрге жарыган эмес эле. Өз дараметин буга чейин иши менен көрсөткөн Каныбек Исаковдун министрликке келиши ошол каталыкты оңдоду десе болот. Аны мен ийги идеяга бай, ою-колу таза, реформатор жетекчи катары билем. Билим берүү тармагын түп-тамырынан оңдоп, өнүктүрүүгө жасаган далалаты алгачкы кадамдарынан эле байкалууда. Бирок, “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” болуп, ага бут тосмокчу болгондор жетиштүү окшойт.

-- Анын математика, физика сыяктуу так илимдер боюнча сабактарды окутууну англис тилинде өткөрүшүбуз керек дегени популисттик эмеспи?

-- Министрдин позициясы эң туура, англис тилин өздөштүрмөйүн Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнөдө мыкты билим алуу кыйын. Ырас, азыр бизде андай мугалимдер жок. Бирок, адегенде багытты аныктоо керек. Кеп эми ошол талапка жооп бере турган кадрларды даярдоодо. Чычалагандан не пайда? 5 миллион адам сүйлөгөн кыргыз тили эмес, 150-200 миллион калк сүйлөгөн чоң тилдер да фундаменталдуу билим берүүдө алсыздык кылат. Мисалы, Кыргызстанда англис тилинде окутуу системасына түшкөн “Сапат” билим берүү мекемесинин мектептери кандай ийгиликтерди жаратып жатат! Облустук, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орунду алган, чет мамлекеттердин университеттерине өткөн балдардын басымдуу көпчүлүгү “Сапаттын” окуучулары.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер