Акыркы кабарлар
» Коом » Арстан Алай Кудай экенин далилдейби? Эл эмне дейт?..
Арстан Алай Кудай экенин далилдейби? Эл эмне дейт?..
16-март, 16:56
3 033 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кытайга вирус жиберип салганын Арстан Алай былтыр эле айткан. Өзүн Кудай атап да койгон эмеспи. Кыргыздар дүйнөдөгү улуу эл катары тааныларын, башкаруучуга айланарын да жашырган эмес. Арстан Алайдын коронавирус боюнча айтканы ырасталууда, натыйжада, Кыргызстанга келбей турганын, сыйкырдуу күчү менен элибизди апааттан сактап каларын билдирген болчу. Карапайым калк ичинде аны шылдыңдагандар, ишенгендер жана байкоо салып тургандар да бар. Учурда коңшу өлкөлөргө коронавирус жайылып аткан чагы. Эгерде элибиз чындап эле бул дарттан жабыр тартпаса, анда Арстан Алай Кудай катары эсептелип калабы? Факт жүзүндө далилдесе, ким билет? Ансыз да фанаттары теңирчиликти, аруулукту жайылтып аткан чакта, элибиз Арстан Алайга ооп кетпейби?..
Aryba.kg