Илимдин тантырап пост жазганына эч ким деле таңгалбай калды
Илим Карыпбековдун жазган постторуна акыркы убакта таңгалбай кое албайсың. Эшектин сүрөтүн жүктөп, айрым эркектерге салыштырып дагы бир постун жазды.
“Мен аялдар жөнүндө жазсам мээси бар эркектер унчугушкан жок, кичине уялышты окшойт. Бирок тиги сүрөткө окшогон айрымдары жазышыптыр былжыраба, белгилүү окумуштуу, модельер, ойлоп чыгуучу, ашпозчулар баары эркектер?” деп.
******
“И-ий арыңа сиейиндер десе” деп ойлоп койдум. Үйдө 4 балаң өкүрүп, тамак сурап, чычат элем, сийет элем, сабагымды жасап бер, кийимимди жууп, тазалап бер, чачымды өрүп бер, жатаарда жомок окуп бер дешип, кайненең чайың муздак го, үйүң чачык го деп, күйөөң ысык тамак барбы күнүгө жаңы, көйнөгүм акбы, таза бы, үтүктөлгөнбү, каякта жүрөсүң 7ге чейин, 6да эле келмек эмес белең деп турса, дагы 99 маселең турса, анан баары аз келгенсип, бир жериңден бир айда 3 күндөн 10 күнгө чейин токтобой шорголоп бир нерсе агып турса жаныңды кыйнап, көрөт элем сени кантип белгилүү модельер, ашпозчу, окумуштуу, ойлоп чыгуучу болооруңду! Бок чиригиң башыңа оролуп отурат элең плиндики за что мне такая жизнь деп, мээси жок галдирбай сүрөт десе!”