Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишенбай Кадырбеков: “Эми бузулган экологиябыз менен “Центерранын” башы оорубайт”

Ишенбай Кадырбеков: “Эми бузулган экологиябыз менен “Центерранын” башы оорубайт”

10-апрель, 21:30
1 135 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кумтөр кыргыз элине толук өткөндүгүн президент Садыр Жапаров өзү элге сүйүнчүлөдү. Баары ойдогудай чечилгени айтылды. Бул жеңишке кубансак болобу?

-- Ачык пикир айта албайбыз го. Анткени баары жабык эшик артында болду. “Баары сонун” дегени менен эмне сүйлөшүүлөр болгонун деле көрө албай жатабыз. Президенттен башка келишимди эч ким деле көргөн жок да. Баары ачык айтылган жок. Комментарий бергенге али эрте. Кийин ачыкка чыгат... 

-- Бузулган экологиябыз боюнча оюңуз кандай?

-- “Таштандылар кай жакка ташталышы керек?” деген долбоор жазылышы зарыл. Андан соң аны экспертизадан өткөрүп, долбоорду бекитүү шарт. Мына бүгүнкү күнгө чейин “ал таштандыларды кайда таштайбыз? Эмне кылуу керек?” деген долбоор жок. Эң негизги сын пикир ушул таштандылар боюнча. Бүгүн таштандылар кайда ыргытылып жатат? Мурдагыдай эле мөңгүгөбү? Же долбоор жасалдыбы? Долбоорду бекиттиби? Эч ким билбейт.

“Центерра” эми бизге “таштандыңардын тийешеси кайсы? Силер алып албадыңарбы?” дейт да. Бузулган экологиябыз менен калдык. Экология маселесин колго алып, бүт маселени өзүбүзгө илип албадыкпы. Соттун чечими боюнча экологияга 4 млрд. доллардын тегерегиндеги зыян келтирилген. Кумтөрдү өзүбүзгө алып алгандан кийин калдыкты деле мойнубузга илип койдук, эми “Центерранын” башы да оорубайт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер