Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда коронавирустун гибриддик штаммы аныкталды

Кыргызстанда коронавирустун гибриддик штаммы аныкталды

22-март, 12:33
570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб АКШ менен Европада коронавирустун "дельта" жана "омикрондун" мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы штаммдын генетикалык ырааттуулугу февраль айында GISAID эл аралык маалымат базасында Франциядагы бейтаптан январда алынган үлгүдөн аныкталган. Андан соң жаңы вариант вирустук геномдордун чечмелөөсүндө дээрлик элүү жолу (Дания, Германия, Нидерланды жана АКШда) кездешкен. Жаңы вариант январь айында пайда болгону менен эч бир жерде оорунун кескин өсүшү байкалган эмес же өтө эле сейрек кездешет.

"Дельтакрон" деп аталган штамм түзүлүшү боюнча клеткаларга кирген ийнечелери бар белогу "омикрондон" жана "дельтадан" турат. Штабдын маалыматына караганда, антителалар үчүн ал "омикрон" сыяктуу көрүнөт. Ошондуктан ооруп айыккандар жана эмдөө алгандар дагы эле коргоого ээ болушу керек. Мындан тышкары, ийнечелери бар белоктун өзгөчөлүктөрүнөн улам жаңы вариант "омикрон" сыяктуу COVID-19дан кийин оорулардын күчөп кетиши салыштырмалуу сейрек кездешет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер