Бишкектеги гезит базарын сактап калалы


Кыргызстандын булуң-бурчуна гезиттердин жетишине салым кошкон гезит базарды сактап калуу керек. Бул жерде иштегендер редакцияга байланышып, “павильондорду алып, гезит базарды жок кылат” деген маалыматтар бар экенин айтышты. Ошондой эле гезит базар жабылса, алар менен кызматташкан редакциялардын, типографиялардын да иштери токтойт. Акылга сыйгыс...
“Буга чейин шаар ичиндеги гезит саткан күркөлөрдү берилген макетке ылайык өзгөрткүлө дешкенинен, ар бирибиз 350 миң сом чыгым болуп, карыздасак дагы талапка ылайык жасатканбыз. Тилекке каршы, кийин айып стоянкаларга жеткирип салышты. Ошондо олчойгон карыздар мойнубузга илинген бойдон калып кеттик. Жогору жактагылар гезит базарга, күркөлөргө кыянаттык кылбай эле колдоо көрсөтүп коюшса болот эле. Гезит элди агартууга, аң-сезимди өзгөртүүгө салым кошот эмеспи...” дешти сатуучулар.
“Гезит базардын ордуна бир нерсе куруп жиберет дегенден деле алыспыз. Угушубузга караганда, Чуйков көчөсү бойдон калат экен. Чынында гезит базар эч кимге тоскоолдук жаратпаган, окурмандар үчүн ыңгайлуу жерде жайгашкан. Жылуу ордубуздан козгобой эле койсо баштагыдай эле иштеп, гезиттердин аймактарга жетишине салым кошо берет элек” деген үмүттүү ойлорун да уктук.
Баса, ал жерде дагы таңгалычтуу жагдай бар экен. Гезит базарга жанаша жайгашкан азык-түлүк саткан павильонго уруксат берилип, гезит саткандарга эле тоскоолдук жаралып жатыптыр. Эгер ошол маалымат чын болсо, эркин гезиттерге кыянаттык жасалып жаткан жокпу?..
"Азия Ньюс" гезити











