Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Баалар кескин түрдө жогорулап, пенсия менен жашоого мүмкүн болбой калды”

“Баалар кескин түрдө жогорулап, пенсия менен жашоого мүмкүн болбой калды”

25-июнь, 20:07
3 802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жолдор салынып, үйлөр курулуп, экономикабыз өсүп атканын пиарщиктер айтып келишет. Ал эми кымбатчылыкка кайыккан карапайым элдин турмушу качан оңолот?


Аманбай Сатыбаев, укук коргоочу:

-- Жолдор салынып, үйлөр курулуп жатат. Бул жакшы. Экономика дагы өсүшү керек. Өлкө өнүгүш үчүн мамлекетибизде жакыр адамдар калбашы шарт. Жакырлардын тизмесинде тургандарга мамлекет колдоо көрсөтүп, компенсацияларды уюштуруп, иш менен камсыздап, тамак таап жегенге үйрөтүшү керек. Мына ушул нерсени жолго салып алсак, ошондо чыныгы өнүгүү болот. 


Качкын Булатов, серепчи:

-- Кыргызстан өсүп-өнүгүү жолуна түштү. Куралдуу күчтөрүбүз аскер техникалары менен камсыз болду. Кыргызстандан машине курала баштады. Завод, фабрикалар ачылып жатат. Курулуш материалдарын өндүргөн ишканалар жанданууда. Кыскасы, өнүгүү, өсүү бар. Бирок, баа кескин жогорулап, пенсия, пособие менен жашоого мүмкүн болбой калды. Мисалы, мен 8000 сом пенсия алам. Ага 10 кг эт келет. Унга, тамак-аш жасоочу башка азыктарды алганга жетпей калат. Кымбатчылыктан пенсия менен жашоо мүмкүн болбой калды.


Турат Мадылбеков, экс-депутат:

-- Менин баамымда, экономикабыз өнүгүп жаткандай белгилер байкалат. Азыркы бийлик жакшы иштеп жатат. Мурунку президенттер менен азыркы президенттин ишинде бир топ айырма бар. Мектеп, бала бакча, жолдор, кабат үйлөр салынууда. Ошондой эле завод, фабрикалардын курулуп жатышы да экономиканын өсүшүнө салымын кошууда. Бул жакшы жагы. Бирок, карапайым элдин кыйналып кеткен учурлары да бар. Салыктын өсүшүнөн кыйналгандар дагы жок эмес. Электр энергиясынын улам көтөрүлө бериши башка товарлардын баасынын жогорулашына алып келүүдө.

Маселен, бир эмес эки-үч цемент заводу бар. Бирок, цементтин баасы төмөндөгөн жок. Алар баанын жогорулашына электр энергиясынын наркы улам жогорулап жатышы себеп болгонун айтышууда. Кээде карапайым элдин абалы эске алынбай калган учурларды эске алалы. Айтор, суу, свет, жылуулукка карата төлөмдүн баары жогорулап жатат. Мунун баары элди санаркатууда. Кымбаттатардан мурун элдин абалын дагы эске алсак болмок. Анткени, тамак-аштын баасы да ушунчалык тездик менен өсүүдө. Мурда мынчалык баа көтөрүлчү эмес. Мурунураак сулп эттин баасы 500-600 сом болсо, азыр 800-900 сомго чейин жогорулады. Антимонополиялык кызмат эмнегедир иштебей жаткансыйт. Ошондонбу, баалар көзөмөлдөн чыгып, күндөн-күнгө кымбаттоонун үстүндө. Бийликтегилер мына ушул жагдайларга дагы маани бериши керек.

Айылдарда жер салыгы, сугат суу деген маселе карапайым элдин көкөйүнө тийип бүттү“Жыл кургакчыл болуп, жамгыр жаабай же суу жетпей, талаалар күйүп кетти деп дыйкандар ыйлашууда. Алар жазында айдап себүүдө эле бир топ чыгымга туш болушкан. Эми суу жок дагы кыйналып жатышат. Бийликтегилер сугат суу жетпей жаткандарга колдоо көрсөтүүнүн жолдорун ойлонсо жакшы болот эле.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер