Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Осмон, журналист: “Иран-Израиль согушу эки тарапка тең жеңиш алып келбейт”

Манас Осмон, журналист: “Иран-Израиль согушу эки тарапка тең жеңиш алып келбейт”

23-июнь, 18:17
871 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Иран менен Израилдин согушунда эмнеге эски маалыматтар берилип жатат деген ойдосуз?

-Себеби, каржы булагына байланыштуу маалымат берилүүдө. Жашырганда эмне, бизде айрым басма сөздөр чылк эле көз каранды. Алардын көпчүлүк маалыматтары сионизмдик аракеттерди даңазалоого байланыштуу болгон учурлары бар. Анан да кыргыз журналисттеринин мүмкүнчүлүгү чектелүү. 

-- Дегеле бул согуштан кимиси утуп, кимиси уталат?

-- Бул жеңиши болбогон согуш. Таасир талашуу көпчүлүк учурда итжыгылыш менен аяктайт. Учурда эки тарапта тең бир күндүк чыгым 1 миллиард 45 миллион долларга чейин жетти. 

-- Тынчтыкка келүүнүн жолу барбы?

-- Иран-Израиль согушун кимдер тутандырган болсо, ошолор токтотот го. Бирок, Дональд Трамп: “Менимче, келишимге баруунун бир мезгили келди. Мындан ары эмне болорун көрөбүз. Бирок, алар эми өз иштерин өздөрү жайгарышы керек” деп жатат. 

-- Үчүнчү дүйнөлүк согушка багыт алып бараткан жокпу?

-- Үчүнчү дүйнөлүк согуш жер жүзүнө күтүлбөгөн алааматтар менен келет. Анда адамзатты эмнелер күтөт? Эч бир өлкө үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгышына кызыкдар да, тарапташ да эмес. 

-- Дональд Трамп “дүйнөдөгү согуштарды токтотом” деген эле. Ал убадасы эмнеге ишке ашпай калууда

-- Согуштардын күч алышы жалгыз эле Дональд Трампка байланыштуу эмес. Бирок, кыйыр түрдө болсо да айрым дүйнөлүк лидерлердин тийешеси бар болушу мүмкүн. Менимче, Жакынкы Чыгыштын картасын кайрадан жаңылоо максатын көздөп жатышат. Ал картада Израиль чоңоюп, Иран, Түркия, Сирия кичирейип, Күрдистан мамлекети курулат деген пикирлер басымдуулук кылат.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер