Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тагир Осмоналиев: «Россиядагы мигрант шайлоочулардын саны эки эсе өстү»

Тагир Осмоналиев: «Россиядагы мигрант шайлоочулардын саны эки эсе өстү»

15-октябрь, 18:53
1 391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Шайлоочу алгач партияга анан жеке талапкердин өзүнө добуш берет да. Мисалы шайлоого 10 партия катышса, алардын ар биринин тизмесинен 54 адам болсо, 540 адам бир бюллетенге кантип батат, элдин башы айланып калбайбы?

-- Шайлоо бюллетендеринин формасы эчак эле бекитилген. Мисалы, баш жагында саясый партиялардын 1ден 70ке чейинки аталышы болот, анын оң тарабында ар бир саясый партияга «галочка» белгилери коюлуучу төрт бурчтуктар болот. Эң акрыкы жеринде 70 саясый партиянын аталышы жана баардыгына каршы деген жазуу жайгашкан. Ошолордун алдында бир жалпы форма болот, тагыраагы, 54 төрт бурчтук. Бул 54 төрт бурчтук баардык саясый партияга тийешелүү. Тактап айтканда, талапкерлерге тийешелүү болгон төрт бурчтуктар ар бир саясый партиянын тушунда эмес, бюллетендин ылдый жагында эле орун алат. Мисалы, 1-2-3-катарда 18ден «галочка» коюла турган төрт бурчтуктар жайгашат, мунун баардыгы 54 төрт бурчтукту түзөт.  

-- Мигранттардын добуш берүүсү кандай тартипте аткарылат?

-- Шайлоо күнү Кыргызстандын аймагында жашаган шайлоочунун колуна эки бюллетень берилет. Бирөөсү партия жана анын курамындагы талапкерлер үчүн, экинчиси бир мандаттуу округдан аттангандарга ылайыкталган. Маселен, Бишкек шаарын айта турган болсок, бизде 4 район бар, алардын ар бириндеги аттанган талапкерлердин саны ар башка болушу мүмкүн. Биринчи Май районунан чыккандар 15 болсо, Свердлов районунан 5 талапкер болушу ыктымал. Бирок, 15 адамбы же бешөөбү, бир эле орунга ат салышышат. Ал эми биздин чет өлкөдөгү жарандар бир мандаттуу округдан ат салышкан талапкерлерге добуш бере албайт, бул туура. Себеби, алардын катышканы туура эмес. Чет өлкөдөгү жарандар партияларга, андагы талапкерлерге добуш беришет. Мурдагы шайлоолорго караганда бул саам Россиядагы шайлоо участкалары көбөйдү. Буга мурда жок болгон кээ бир шаарларда участкалардын ачылып жатканы себеп болууда. Мурда болжолу менен шайлоочулардын саны 40 миңге жакын болсо, азыр 70 миңге жетип, эки эсе көбөйдү. Мындан дагы көбөйүшү мүмкүн, себеби 12-ноябрга чейин консулдук каттоодо турбаган жарандар расмий катталып, биометрикалык данныйларын тапшырса, алардын саны дагы жогорулашы толук мүмкүн. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер