Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылчы Сарыбаев: “ЖОЖдорду жамандап, мечиттерди мактап отурушат. Акыры радикализм жакшылыкка алып келбейт”

Айылчы Сарыбаев: “ЖОЖдорду жамандап, мечиттерди мактап отурушат. Акыры радикализм жакшылыкка алып келбейт”

24-август, 18:36
2 657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздар традициялуу сүннөт багытындагы мусулманчылыкка моюн сунган эл. Мындай пикирди экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев “Назар ньюс” сайтына билдирди.

Бээ десе төө дегендер көбөйдү. Өткөндө жаздым эле. Булар иезуиттерге окшоп сылык сыпаа Каныбек Осмоналиевичти да сөзгө сындырууга аракет кылып жатышпайбы. Теорияны билбесең каяктагы практика? Элдин жарымынан көбү жашоо деңгээли төмөн болсо, жалкоо кыргыз балдарына дааваттан артык жумушу жок болсо, сакалын сылап коюп салкын мечитке отуруп алып намаз окугандан башка эмне керек? Мал багат, эгин айдайт деген түшүнө да кирбесе. Кыргыздар традициялуу сүннөт багытындагы мусулманчылыкка моюн сунган эл. Азыр көп секталуу болуп кетти.

Тилекке каршы, УКМКдагы балдар өтө эле жумшактык кылып жатышат окшойт. Акыры радикализм жакшылыкка алып келбейт. ЖОЖдорду жамандап, мечиттерди мактап отурушат. АКШнын Борбор Азиядагы террорду уюштуруу иши үчүн чоң куралы ушулар. Тынч мусулман кыргыз эли чоң алааматка учурашы мүмкүн. Каныке, маселени туура козгогонсуң. Бул маселе тегерегибиздеги бардык өлкөлөрдүн тынчын алууда. Буга жалпы эл үчүн дегендер кошулбаса болбойт деп белгилеген Сарыбаев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер