Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпонбек Акматов: «Мигранттар 4% менен 10 жылга батир ала алышат»

Чолпонбек Акматов: «Мигранттар 4% менен 10 жылга батир ала алышат»

14-сентябрь, 08:20
4 926 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Эмарк» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү менен маек.

-- Мигранттарга башытталган жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз дедиңиз, анын шарттары кандай?

-Жакында Ихсан ипотекалык компаниясы менен келишим түздүк. Алар жарандарга 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттө батир алганга мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Бир эле жолу ала турган суммадан 4 пайыз төлөнөнт. Эгер 10 жылга алса 0,4 пайыз эле болот. Бул ислам прициби менен иштелип чыккан эреже экен. Буга чейин жаңы салынган эмес, мурда тургузулган үйлөрдү алып берип жүрүшүптүр. Эми жаңы үйлөрдү салып, жаңы батирлерди берүү ниетте үч долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин компанияда ISO 9001 деген эл аралык стандарт болгону үчүн тандагандарын айтышты. Бул абдан жакшы идея. Квартирага акча төлөп батирде жашагандар үчүн аябай ыңгайлуу, арзан болот. 10 жылга чейин 4% менен жаңы салынган үйдөн батир алуу буга чейин Кыргызстанда жок болчу. Ошол эле мамлекеттик ипотекалык компаниянын дагы пайыздык көрсөткүчтөрү мындан жогору. Жаңылбасам жылына 7% берилет. Бул 10 жылда 70%га чыгып кетет. Аталган компания бүгүнкү күнгө чейин колдонулган үйлөрдөн  600-700гө чукул жаранга батир алып беришиптир. Эми жаңы кичирайондорду куруу боюнча жумуштар жасалып жатат. 

-- Мигранттарга багытталган бир үйдү канча убакытта салып бүтөсүздөр?

-- Биринчи үйдүн курулушу бир-эки айда башталат. Учурда уруксат кагаздарын алуу боюнча жумуштар жасалууда. Үзгүлтүксүз, туруктуу каржылоо болсо, алгачкы үйлөр 1,5-2 жылга жетпей бүтүп калат. Мигранттар жаңы курулуп баштагандан тартып төлөп башташат. Үйлөр эки вариантта берилет: биринчиси ремонту жок, экинчиси ремонту менен. Ремонттун да үч вариантын көрсөтөлү деп жатабыз, арзаныраак, орточо жана кымбат баадагы. (Кардарлардын тандоосуна жараша). Биз негизги подрядчы компаниябыз. Ошондуктан эконом-класстагы сапаттуу үйлөрдү салалы деп жатабыз. 

-- Эмнеге мигранттарга эле багытталды?

-- Бул идея боюнча мурда бир топ банктар менен жолугуп, «мигранттар боюнча өзүнчө продукт ачып берсеңер» деген таризде сүйлөшүүлөр болгон. Жыйынтык чыккан эмес. Биздин эң негизги инвесторлорубуз мигранттар болот. Бир жылда 2 миллиарддан ашык акча которушат. Бирок, ал жакта жүргөндөрдүн көпчүлүгү оорукчан болуп калышат, айрымдар каза болуп кетишүүдө, ишке жарамсыз болуп калгандары да көп. Ошондуктан долбоор аларды болушунча өлкөгө кайтарууга аз болсо да салым кошолу (!) деген максатты көздөйт. Мисалы, миграцияга кеткендердин 80-90 пайызынын максаты батир алуу экен. Батирлердин баасы сыртта иштеп жүргөн жарандарга ылайыктуу, алардын мүмкүнчүлүгүнө жараша түзүлгөн. Алардын көпчүлүгү бир айда 40-50 миң сомдон ашпаган сумманы которушат экен. Ошол себептен долбоордун эң негизги максаты мигранттарды кайтарууга багытталды. Кайтып келгенден кийин дагы программисттер жана башка тармактарда жумуш орундарын көбөйтүү боюнча да пландарды карап жатабыз.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер