Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпонбек Абыкеевдин өзүнүн этикасы жетишпей жатып, кантип “эметет” ыя?..

Чолпонбек Абыкеевдин өзүнүн этикасы жетишпей жатып, кантип “эметет” ыя?..

30-июль, 19:36
1 837 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев берген маектеринде бийликке сын айтып, “Акаевдин билими бар, байлыгы жок болчу, Бакиев, Атамбаевдердин байлыгы болгону менен билими жок эле” деп сын таккан эле. Таңгаласың...

Бул эргул Акаевдин убагында гезит чыгарып жүргөн, Атамбаевдин кезинде эч нерсеге илинбей, төшөк жаңырткандан башкага жарабаптыр. Ал эми Бакиевдин учурунда кеңешчи болду, архив жөнүндө түшүнүгү жок болсо да мамархивди башкарды. Анан ошого карабай мурдагы шефин “Бакиевдин билими жок болчу” деп шыбаганы кандай? Биз бул жерде “Бакиевди актайлы” деген жерибиз жок. Болгону “ага беш бүктөлүп, ийилип, кол берип жүргөн Чолпонбек Абыкеев “билими жок болчу” деп сын таккыдай, өзү канчалык билимдүү?” деген суроо жаралат. Анан да азыркы шефи Садыр Жапаров кызматтан кеткенден кийин эмне деп жамандайт болду экен? 

Бизге берген маегинде “бул кызматты менден башка ким аткара алмак эле?” деп көтөрүлүп сүйлөп, казак кайындарынан жукканбы, айтор, көкүрөгүн кагып, “кара сууда кеме жок, менден башка неме жок” дегендей эле мактаныптар. Мамкатчылык ишин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасын жазуу менен баштап, президент ага кол койсо эле чиновниктерди көзөмөлгө алуу Чолпонбек Абыкеевдин негизги иши болот экен. Өзүнүн этикасы жетишпей жатып, кантип “эметет” ыя?..

“40 жылдан бери идеология багытында иштеп келатам” дейт. Идеологиянын кайсы тармагында иштеп келгени белгисиз. 30 жылдан бери өлкөбүздө идеология жок келген, кеткен президенттердин башы маң болуп жүрсө, Чолпонбек Абыкеев журналистикада Т.Мамбетсариевден үйрөнгөн коммунисттик идеологиясын демократияга “аргындаштырып”, эмне үчүн көз боёмочулук кылып жатканы түшүнүксүз. Же экономикасы кризиске батып, чаржайыт саясат жүргүзүлүп жаткан Кыргызстанга ушундай ар кандай системанын “винегрет” идеологиясы жараша берет деп, ошону көздөп жатабы? Анан да Чолпонбек Абыкеевдин “журналист – бул идеологиянын төбөсүндө турган адам” деп айтканы – ал дагы деле коммунисттик көз караштан кайта электигин тастыктап турат. Болбосо, идеологиясы жок өлкөдө журналист кайсы идеологияны жүргүзөт? “Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма” дегендей эле абалга кабылдык окшойт.


Мурат Атыбеков 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер