Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов: “Саясый күчтөр менен сүйлөшүп жатам. Күздөгү шайлоого аттанам”

Бектур Асанов: “Саясый күчтөр менен сүйлөшүп жатам. Күздөгү шайлоого аттанам”

16-июль, 16:32
1 733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бектур мырза, кыргыз саясатында кандай өзгөрүүлөрдү байкап атасың? Анын ичинде кадрдык саясат ойдогудайбы?

-- Акыркы күндөрү кыргыз саясатында бир топ өзгөрүүлөрдү байкап атабыз. Жаңы кадрларды мамлекеттик жогорку кызматтарга коюу боюнча. Анын ичинен көзгө урунттуусу Таалатбек Масадыковду айтсак болот. Президент учурда кардиналдуу кадамдарга барганга аракет кылып атат. Муну бийликтин эл аралык деңгээлде кадыр-баркынын калыбына келтирүү аракети катары кабылдап атам. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин биздин мамлекетте кадрдык саясат эң төмөнкү деңгээлге түшүп кеткен эле. 

-- Шаардык кеңешке шайлоо кайрадан жыдый турган абалга такалгансыйт, мыйзам бузуулар көп айтылууда. Сиз эмнени байкай алдыңыз?

-- Бул бийлик коомчулук алдында, эл алдында жадагалса жергиликтүү кеңешке, шаардык кеңешке шайлоону тийешелүү деңгээлде өткөрө албай тургандыгын көрсөтүп койду. Кечээки шаардык кеңештин шайлоолорун көрдүк. “Мурунку шайлоодон эки эсе ыплас болду” десек болот. Акча тараткан гана партиялар өттү. Шаардык кеңеште эле ушундай терс көрүнүштөр орун алып атса, күздөгү парламенттик шайлоо кантип өтөрүн элестете албай турам. Бирдеме деп айтуу биз үчүн да оор болуп турат. 

-- Күзүндөгү парламенттик шайлоого катышасыңбы? Кимдер, кайсы партия менен дегеним?

-- Ооба, шайлоого сөзсүз катышабыз. Бир топ саясатчылар, саясый күчтөр, партиялар арасында өтө тыгыз сүйлөшүүлөр болуп атат. Сөзсүз түрдө прогрессивдүү күчтөр менен шайлоо жакындаганга чейин бир пикирге келип, парламенттик шайлоого жандуу катышабыз. Менин оюмча, салмактуу, коомдо өз орду, кадыр-баркы бар, бийликке күчтүү оппонент боло турган 2-3 партия, 3-4 саясый топ шайлоого катышат. Кеп шайлоонун кандай өтөрүндө. Эгер адилеттүү өтө турган болсо, анда Кыргызстанда баардык маселелер, саясый акыбалдар өз ордуна келет, мындан аркы мамлекеттин өнүгүүсү жакшы нукка багытталат. Ал эми шайлоо адилеттүүлүктөн тайыса... Мен муну каалабайм, анүчүн баардык саясый күчтөрдү мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн чакырат элем.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер