Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Талибандар” 24 саатта Ооганстандын 9 районун басып алды

“Талибандар” 24 саатта Ооганстандын 9 районун басып алды

05-июль, 12:41
2 236 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы бир сутка ичинде “Талибан” кыймылы Ооганстандын 9 районун басып алып, көзөмөлгө алууга өтүштү. Бул тууралуу ооган телеканалдарына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде “Талибан” кыймылы Ооганстандын Пакистан менен чектешкен Кофаб, Арго, Кохистан, Зибак, Яван, Панжвай, Зерок жана Тажикстан менен чектешкен Уорсаж райондорун көзөмөлгө алган. Буга чейин Тажикстан “Талибан” кыймылы менен кагылышууда артка чегинген 300 ооган аскерин кабыл алгандыгы кабарланган.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар “Талибан” кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда “Талибан” кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы “Шерхан-Бандар” аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин талибан согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер