Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айкос – баланы ичинен бузган “мода”

Айкос – баланы ичинен бузган “мода”

13-май, 23:43
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Балаңызга катуу айтпай эле, жөн гана байкап көрүңүзчү? Колунда кичинекей, аппак шайман кармап турбайбы? Түтүн чыкпаса да, өзүнө тарткан, жыпар жыттуу буу чыгарып жатпайбы? Бул – Айкос. Түтүнсүз. Жытсыз. Манго, ваниль деген “даамдар”. Бирок ичинде никотин. Көз карандылык жараткан күч. Эң кейиштүүсү, азыр муну 12 жаштагы балдар тартып жатышат. Башында жөн эле “сынап көрмөкчү” болушат, бирок акырындап күнүмдүк адатка айланып калат. Аны менен кошо жүрөк, мээ, өпкө жабыркай баштайт.

Айкостун кесепеттери кандай?

-- бала бат чарчайт, көңүлү чачырайт;

-- эстутуму начарлайт, уйку бузулат;

-- жөтөл, дем жетпөө, өпкө оорусу эрте башталат;

-- кан басым өзгөрөт, жүрөк кагышы тездейт;

-- тынчсыздануу, агрессия, депрессия пайда болот. 

Балдардын мээси жана денеси эми гана өнүгүүдө. Айкос алар үчүн өтө оор зыян.

Ата-эне эмнени кыла алат?

“Биздики андай эмес” дебеңиз. Бүгүн эмес, эртең болушу мүмкүн. Баланын дүйнөсүн түшүнгөнгө аракет кылыңыз: кимге окшошкусу келет? Эмне көрөт? Тыюу эмес, ишеним, түшүндүрүү жардам берет. Жакын болуңуз. Жадагалса балам мени укпай жатат деген учурда да. 

Айкос – бул стиль эмес. Бул көз карандылык. Жаңы формада. Сиз азыр реакция кылбасаңыз, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.   


Эрмек Исмаилов

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер