Рамазан Дырылдаев, коомдук ишмер: “Сөз эркиндигин, адам укуктарын чын жүрөктөн сүйүш керек”


-- Сөз эркиндигине, адам укуктарына карата мамиле канткенде жакшырат? Демократиянын тамыры түп-орду менен кыркылып бараткан жокпу?
-- Сөз эркиндигин, адам укуктарын жакшыртууга куру сөз эмес, ал маселени чын жүрөктөн сүйүш керек. Жөн эле “демократияны колдойм, адам укугун сактайм, сөз эркиндигине шек келтирбейм” деген сөздөрдү айтуудан майнап чыкпайт. Кыргызстанда беш жолу президент алмашты. Баары эле мактанышып, адам укугун бетине кармашып, “демократия аралчасын сактап калабыз” дегендей сөздөрдү айтышты. Бирок, иш жүзүндө демократияны, адам укугун, сөз эркиндигин коргошкон жок. Тескерисинче, акыйкаттыктын, калыстыктын зарылдыгын айткандарды каралашты. Аларды туш тараптан тушаган мыйзамдарды чыгарып, бирдеме десе эле чыккынчылыкка айыптай тургандай абалга кептеп, бийлик өзүнө ылайык системаны түзүп алды. Парламент бийлик берген көрсөтмөгө каршы иш кыла албай калды. Кокус бийликтин ишаратына каршы чыккан бир-эки көз карандысыз депутат болсо, алардын мандатын алат же саясатка аралашпай турган кылып камашат.
Сырттан караган кишиге демократиянын аймагы кыскарып бараткансыйт. Ошентсе да жүрөгүндө жалы бар, тайманбаган журналисттер менен айрым блогерлер демократияны сактоо үчүн жигердүү күрөшүп келе жатышат. Ошолордон үмүт кылып турам...
"Азия Ньюс" гезити











