Чолпон Султанбекова, ЖК депутаты: “Депутаттардын баары эле тараганды туура көрүп жатышат”


-- Чолпон Аалиевна, парламент өзү өзү таратуусуна эки негизги себеп бар дедиңиз, алар кайсылар?
-- Жаңы мыйзам кабыл алынды. Ал – бир. Экинчиден, эки шайлоо катар-катар өтүп атканы. Туруктуулук үчүн да мунун баары. Анан шайлоо боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин отура берген деле болбойт да. Анан калса, биздин чакырылышка “22 депутат алмашып кетти, натыйжалуу иштебей жатат” деген да сындар айтылып жатпайбы. Бул да кандайдыр бир деңгээлде түрткү берди деп ойлойм.
-- Колдогондордун саны алтымышка жетпей калсачы?
-- Анда биздин демилге ишке ашпай калат да, Жогорку Кеңеш акырына чейин иштейт. Бирок, андай болушу кыйын го. Көрүп атпайсызбы, депутаттардын баары эле туура көрүп жатышат. Албетте, беш-алты депутат бар бул демилгеге каршы болуп аткан... Жаңы келген депутаттар бар. Алар элге чыгып даярдык деле көрө албай калышты. Анүстүнө азыр ар бир депутат шайлоого барардын алдында кыргыз тили боюнча сынактан өтүшү керек. Ал маселе да бар...
"Азия Ньюс" гезити











