Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » СOVID-19: Үчүнчү толкун күч алды. Бишкек көзөмөлгө алынат

СOVID-19: Үчүнчү толкун күч алды. Бишкек көзөмөлгө алынат

16-июнь, 12:29
750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Коронавирустан улам Бишкектеги кафе-ресторан, кинотеатр, балдар аянттары баштаган эл көп топтолуучу жайлар жарым-жартылай гана иштейт. Вице-мэр Виктория Мозгачева мындай чечим 15-июнда мэриянын жыйынында кабыл алынганын билдирди.
Бишкекте жапырт чогулууга былтыр коюлган чектөөлөр алынган эмес. Алар азыр да күчүндө. Ага байланыштуу байма-байма рейд жүрүүдө. Эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөп туруучу мобилдик топтордун саны көбөйтүлгөн.
Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын 15-июнда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирген.
 Бишкек жана Ош шаарлары “кызыл зонага” киргизилген. Ушул күндөрү оору жуккандардын арасында кеминде 100 бейтаптын акыбалы өтө оор деп бааланууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер