Көзү көр, бирок көкүрөгү терең Кевин Керндин музыкасы


Кевин Керн керемет, сыйкырдуу, муңдуу музыкалардын автору. Эң кызыгы, Кевин бул жарык дүйнөнү, тирүүлүктү, табигатты көкүрөгү менен тереңден сезет. Тереңден көрөт. Бирок арман дүйнө, анын көзү көрө албайт. Азыркы фортепиано сүйүүчүлөр арасында Кевиндин музыкалары абдан жогору бааланат. Ал классикалык музыкалардын керемет аткаруучусу жана автору. Анын өмүрү, тагдыры, балалыгы жүрөктөрдү аңтарган ноталарга жана фортепианого байланыштуу.
Ал бала кезинде караңгы бөлмөдө күйүп турган оттун жанына отуруп алып, оттун муңун көпкө тыңшаганды жактырчу экен. Ал оттун ырын тыңшап отуруп адамдардын жандүйнөсүнө, жаратылышка, бүт ааламга саякаттап, анан керемет музыкаларды жаратчу. Ал бөлмө азыр да сыйкырдуудай сезилип, ал бөлмөгө ар бир күнү кайтып барат. Анан сыйкырдуу ноталардан керемет музыкалар жарала баштайт. Ал ошентип ар бир күнү фортепианого отуруп, ааламга, аруулукка саякаттап келет. Бир гана үн жана сезим. Кевин Керн дал ушундай атмосферада музыка жаратат. Ал 18 айлык кезинде эле фортепианого отурган. Жаз музыка агымынын уламышына айланган Георге Шеринг – Кевиндин музыка дүйнөсүндөгү биринчи устаты. Ал Кевинге бала кезинде биринчи ирет жолуккан. Ушул күнгө чейин эң жакын адамы. Классика боюнча терең билим алган Кевиндин азыр дүйнө эли суктанган угарманын сыйкырлаган кайталангыс өз стили бар. Ал өзгөчөлөнгөн стиль – үн живописи. Азыр анын ондогон альбому бүтүндөй дүйнөгө тарап кеткен. Кевин Керндин музыкалары Американын жана башка өлкөлөрдүн тасмаларында, телерадио берүүлөрүндө тынбай коштолуп турат. Ийгиликтүү композитор Кевиндин эң белгилүү музыкаларынын бири “Балалыкты эскерүү”.











