Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиев шайлоого баруу менен гана өзүн сактаса болот

Камчыбек Ташиев шайлоого баруу менен гана өзүн сактаса болот

21-январь, 16:22
1 663 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аз убакытта резонанстуу иштерди ачып, коррупционер-кылмышкерлерди камап, мамлекетке каражаттарын төктүрүү менен рейтингин көтөрүп алса болот. Азырынча парламенттик шайлоо май айында өтөрү болжонууда. Мындай шартта ал партиясына таза, кесипкөй адамдарды чогултса, эң көп добуш алууга үлгүрөт. (Капчыгы да калыңдады). Ушул жүрүшүндө жаңылбай кете берсе, аламанда жеңишке жетишип, Жогорку Кеңешке спикер болууга мүмкүнчүлүгү бар. А эгерде УКМКнын төрагасы катары кызматын улантууну кааласа, анда устаты айткандай, бир иштен болбосо экинчисинен күйүп кетиши ажеп эмес. Күндөн-күнгө душмандары көбөйүүдө. Камалгандар кайрадан эркиндикке чыгып атышат. Ар кандай ушак кептер уланууда, акыры беделине доо кетчүдөй. Кокус өкмөт башчылыкка дайындалып калса, анда жарым жылда элге жаман көрүнүп, карьерасына чекит коюшу ыктымал. Азыр министрлер кабинетин ким тейлесе да ачылыш жасай албайт. Эңшерилген экономиканы көтөрүү татаал. Андыктан, Камчыбек Ташиев шайлоого баруу менен гана өзүн сактайт го... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер