Акыркы кабарлар
22:58
» Кеменгер кеп » Көөдөнүң сокур болсо, көздүн эмне кереги бар?
Көөдөнүң сокур болсо, көздүн эмне кереги бар?
18-сентябрь, 18:00

Караңгыда эки көзү көрбөгөн адам колуна чырак кармап баратса, алдынан чыккан бирөө: “Эй сокур, көзүң көрбөгөн соң, чыракты эмнеге кармап алгансың?” десе, тиги көзү көрбөгөн азиз адам: “Аа, сага окшогон көкүрөгү сокурлар жөөлөп кетпесин деп кармап алдым” деген экен.
Ырас эле, көздүн сокурлугунан да, көөдөндүн сокурлугу жаман эмеспи... Көөдөнүң сокур болсо, көздүн эмне кереги бар?..
"Азия Ньюс" гезити