Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бака жалбырактын көп кырдуу дарылык касиети бар

Бака жалбырактын көп кырдуу дарылык касиети бар

18-сентябрь, 18:00
367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ал суук тийгенге каршы жана жараны эрте айыктыруучу касиетке ээ. Кадимки өпкө оорусунун айыгышына да чоң жардам берет. Бака жалбырактын суудагы демделмеси жана кайнатмасы дем алуу органдары ооруган учурда (өзгөчө бронхитте жана кургак учукта) какырыкты жумшартып чыгарып, дем алууну жеңилдетет.

Ичеги-карын катуу сезгенгенде, гастритке колдонсо да оң натыйжа берет. Андан сырткары, согончоктун чоруна, кесилип кеткен жараатына бака жалбыракты тартса, айыгуусуна көмөктөшөт. Бул дарылык касиети бар чөптү гүлдөй элек кезинде кесип алып, салкын, күн тийбеген жерде кургатып алса болот.

Колдонуу ыкмасы: Кургатылып, майдаланган бака жалбырактан 1 аш кашык алып, аны 1 стакан кайнак сууга 15 мүнөт демдеп, күнүгө тамак ичээр алдында 3 аш кашыктан ичүү керек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер