Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тагдыр сокур, бирок, анын аткан огу такай таамай тийет

Тагдыр сокур, бирок, анын аткан огу такай таамай тийет

11-август, 17:37
393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тагдыр менен алдын ала сүйлөшүүгө болбойт.

(Виктор Гюго)


Эгер сен кудукка секирип кетсең, тагдыр сени андан чыгарууга милдеттүү эмес.

(Томас Фуллер)


Тагдырды ал ийгилик алып келген кишилер гана сокур деп ойлошот.

(Франсуа де Ларошфуко)


Тагдыр көбүнесе орунсуз тамашалашат.

(Джордж Оруэлл)


Тагдыр табышмактуу нерсе, аны акыл менен аңдаш кыйын.

(Плутарх)


Тагдырдан качам деп адам адатта анын алдына чуркап барат.

(Тит Ливий)


Адамдардын тагдыры да, шаарлардын тагдыры да дөңгөлөк сымал айланып-чимирилип турат.

(Луций Анней Сенека)


Биз өзүбүздү пайгамбар эсептебей калганда гана өз тагдырыбыздын кожоюнуна айланабыз.

(Карл Поппер)


Тагдырдын соккусу аны күтпөгөндөргө гана катуу тийет.

(Л.А.Юмашина)


Үй бүлөсү, балдары бар киши – тагдырдын барымтасында калган киши.

(Френсис Бекон)


Атүгүл эң жаман тагдырда да жакшы өзгөрүүлөргө мүмкүнчүлүк бар.

(Эразм Роттердамский)


Тагдыр бизди эки жол менен талкалайт: же кыялыбызды орундабай коюп, же тилегибизди аткарып.

(Анри Фредерик Амиэль)


Тагдыр күчтүүлөрдөн коркот, чабалдарды тебелейт.

(Кенже Луций Анней Сенека)


Тагдыр – биздин мүнөзүбүздүн күчтүүлүгү же чабалдыгы.

(Анатолий Рахматов)


Оомат эмес, биз сокурбуз.

(Томас Браун)



Тагдыр ташыбыз кайсы жакка оору бизди бешикте терметип жатканда эле чечилет.

(Станислав Ежи Лец)


Тагдыр өз ыктыяры менен баскан кишини жетелесе, артка кетенчиктеген кишини сүйрөйт.

(Клеанф)


Тагдыр сокур, бирок, анын аткан огу такай таамай тийет.

(Влодзимеж Счисловский)


Тагдыр жеке менчикке эчтеке бербейт.

(Кенже Сенека)


Тагдыр белек кылбайт, карызга гана берет.

(Янина Ипохорская)


Күнөөкөр мыйзамдан корксо, бейкүнөө тагдырдан коркот.

(Публилий Сир)


Улуу тагдыр  улуу кулчулук.

(Улук Сенека)


Болгон нерселердин баарынын өз себеби бар.

(Габриэль Маркес)


Тагдырыңды ачуунун колуна тапшырып койгон туура эмес.

(Жан Расин)


Ар бир адамдын тагдыры анын пейил-куюна жараша болот.

(Непот Корнелий)


Күнөө өзүңдө болсо, тагдырыңа наалыбай эле кой.

(Публилий Сир)


Эч качан тагдырдын белегине ишенбе. Өзүң үзүп, тиштеп жемейинче анда даам болбойт.

(Сергей Лукьяненко)


Эгер тагдырыңа ыраазы болгуң келсе, сенден жакшы жашагандарга эмес, сенден начар жашагандарга кара.

(Унсур аль-Маали)


Тагдыр менен мүнөз бир эле түшүнүктүн эки башка аталышы.

(Новалис)


Тагдыр – бул мүнөз дегендин эле өзү.

(Майя Плисецкая)


Эгер тагдыр мага бакыт бербесе, мен андан жок дегенде ырахат берүүсүн талап кылганга акылуумун.

(Оскар Уайлд)


Адамдын тагдыры анын өз колунда. Эң коркунучтуусу ушул.

(Владислав Гжещик)


Аялды тагдыры тайкы киши гана кордоп, басынтат...

(Мэрилин Монро)


Тагдыр менин колумда, демек, ийгилик дайыма мени менен.

(Аксак Темир)


Эгер сен ичиңде болуп жаткандарды аңдап түшүнбөсөң, сырттан бул тагдыр сыяктуу болуп туюлат.

(Карл Густав Юнг)


Эгер биз тагдырды жеңбесек, ал бизди жеңет.

(Кенже Сенека)


Кечээги күн – тарых, эртеңки күн – табышмак, бүгүнкү күн – тагдырдын белеги.

(Элеонора Рузвельт)


Адамдар тагдырдын туткуну эмес, өздөрүнүн аң-сезиминин туткуну.

(Франклин Рузвельт)


Даанышман кишиге тагдыр тоскоол боло албайт.

(Эпикур)


Тагдырга ишенүү – бул өзүнө ишенбөө.

(Талейран-Перигор)


Тагдыр эч качан калп айтып, кошомат кылбайт.

(Сергей Губерначук)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер