Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз бийлиги Сингапурдун реформа жүргүзүү тажрыйбасына кызыкты

Кыргыз бийлиги Сингапурдун реформа жүргүзүү тажрыйбасына кызыкты

27-сентябрь, 16:59
1 140 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан Сингапур өлкөсүнүн реформа жүргүзүүдөгү тажрыйбасына кызыкдар. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев сингапурлук кесиптеши Вивиан Балакришнан менен жолукканда айтканын ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Министрлер 24-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында кезигишкен.

Казакбаев “ВСП +” статусун колдонуу менен соода жүгүртүүнү жогорулатууну, ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууну жана тийешелүү инфратүзүмдү түзүүнү сунуштаган.

“Кыргыз тарап Сингапурдун санариптешүүдөгү тажрыйбасын, мамлекеттик башкаруудагы, соттук жана укук коргоо системаларындагы, ошондой эле индустриялык парктарды түзүү боюнча жүргүзүлгөн реформаларын үйрөнүүгө кызыкдар” деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар соода жана экономика, укуктук базаны жакшыртуу жана регионалдык коопсуздук боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашкан. Кыргыз тарап ар кандай багыттагы келишимдердин долбоорлорун дагы тапшырган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер