Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмнеге муздак эмес, жылуу суу ичиш керек?

Эмнеге муздак эмес, жылуу суу ичиш керек?

26-июнь, 18:30
439 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Адам күндө бир нече стакан суу ичиш керек” дегенди көп жолу уккан чыгарсыз. Билсеңиз, бул пайдалуу адат. Бирок көпчүлүк адамдар жылуу суудан көрө муздак суу ичкенди жакшы көрүшөт. А чындыгында муздак суунун организмге тийгизген зыяны көп.

Тамак сиңирүү системасына тийгизген таасири

Муздак суунун таасиринен тамактын курамындагы майлар тоңуп, катып калып, тамак-аш сиңирүү процесси жайлайт. Ал эми жылуу суу, тескерисинче, тамакты тез эритип, ал аркылуу ичтин катуусуна жол бербейт. 

Дем алуу системасына тийгизген таасири

Муздак суу былжыр бөлүп чыгарып, дем алуу системасында оорулар пайда болуу коркунучун жогорулатат. Ал эми жылуу суу, тескерисинче, тамакты жумшартып, ооруну болтурбайт. Дем алуу органдары ооруган кезде же болбосо күндө эртең менен жылуу суу ичкен пайдалуу.

Кан тамыр системасына тийгизген таасири

Муздак суудан кан тамырлар тартылат. Ал эми жылуу суу ичкен кезде ал кеңейип, натыйжасында кан айлануу жакшырат. Ушунун аркасында организмиңиз токсиндерден тез арылат.

Нерв системасына тийгизген таасири

Баш оорунун пайда болушуна көбүнчө төмөн температура себеп болот. Дарыгерлер жүргүзгөн изилдөөгө таянсак, муздак суу баш шакыйы менен ооруган адамдардын дартын андан ары күчөтүп жиберет экен. Ал эми жылуу суу тескерисинче, ооруну басат.



 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер