Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иммунитетти кантип тез арада көтөрүүгө болот?

Иммунитетти кантип тез арада көтөрүүгө болот?

15-июнь, 12:00
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү болгондой, иммунитет – бул организмди бөтөн бактериялардан, вирустардан жана башкалардан коргой турган табигый реакция. Эгерде адамдын иммунитети төрөлгөндөн күчтүү болсо, ал ар кандай жугуштуу ооруларга туруштук бере алат. Бирок тубасадан тышкары жасалма жол менен алынган иммунитет болот. Буга байланыштуу оорубай, дайыма сак-саламат жүрүү үчүн адамдар иммунитетин чыңдашы зарыл.

Биринчиден, тынч уйку

Чоңдордун иммунитетине уйкунун таасири канчалык экенин көптөр биле беришпесе керек. Ошондуктан күндүн режимин ырааттуулукта карманып, уйку үчүн суткасына 6-8 саат бөлүү шарт. Жакшы уйку клеткалардын жаңылануусун, алардын регенерация процессин тездетет. Бул өз кезегинде иммундук системаны чыңдап, балдардын, ошондой эле чоңдордун саламаттыгын бекемдейт.

Экинчиден, эч кандай стресс болбосун

Стресс – бул жөн гана эмоция эмес. Анын ден соолукка таасири – организмден керектүү ресурстарды тартып алып, иммунитеттин кескин төмөндөшүнө алып келет. Стрессти жеңүү үчүн ага алып келген адамдардан оолак болуңуз. Ашыкча ачууланбастан, татаал жагдайлардан чыгууга үйрөнүү керек. Стресстин жоктугу – сиздин иммунитеттин жогорулашынын мыкты каражаты.

Үчүнчүдөн, туура тамактануу

Туура тамактануунун саламаттыкка зор таасири бар. Ошондуктан бүгүнтөн тарта туура тамактанууга өтүүгө чакырабыз. Бул иммунитетти көтөрүүнүн, жүрөк кан тамыр системасын колдоонун жана күч-кубатты арттыруунун жакшы жолу. Туура тамактанууда жашылча-жемиштер, витаминдүү азыктар көп болушу керек. Ошондой эле иммунитетти көтөрүү үчүн кант, транс майларды, көмүртек жана алкоголду колдонууну жокко чыгаруу абзел. Иммунитетти цитрус жемиштери жана помидор жакшы көтөрөт. Аларда С витамини көп. Ошондой эле сарымсак, миндаль капуста, малина, йогурт, көк чай ж.б. өтө пайдалуу.

Төртүнчүдөн, иммунитетти жогорулаткан дары-дармектер

Медициналык көз караштан алганда, иммунитетиңиз үчүн сиз эң башкысы сергек жашоо мүнөзүн тандап, жугуштуу оорулар жана инфекциялар аныкталган шартта медициналык жардам алууга кайрылышыңыз керек. Эгерде организмде айрым заттардын жетишсиздигин байкасаңыз же аныкталса, кошумча азыктарды колдонгон туура болот.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер