Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Хоббини бизнеске айландырса болот

Хоббини бизнеске айландырса болот

25-январь, 15:47
3 071 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чыгармачылык ишмердик, кызыктуу иш менен кайсы гана куракта болбосун алектенсеңиз болот. Мисалы, биз сүрөт тартуу, музыкалык аспапта ойноо, ыр жазуу же дагы бир нерсе кылыш үчүн бала чагыбыздагы кыялкеч дүйнө бүтүп калды деп гана кол шилтеп отуруп калбашыбыз керек. Адамдын өзүнүн жандилден сүйгөн нерсесине кызыгуусу бара-бара кесипкөй бир ишке, тандап алган жолго түшүүсүнө түрткү берет. 

Көпчүлүк бай адамдар өздөрүнүн хоббисин акырындык менен чоң бизнеске айландырышкан. Мындай мисалдар миңдеп саналат. Эгер сиздин хоббиңиз болсо, бирок аны чоң нерсеге, мисалы, акча таба турган булакка айландыргыңыз келсе, анда хоббисин иш менен айкалыштырган адамдардын өмүр баянын, алардын ийгиликтерди кандайча багындырганын, кантип тоскоолдуктарга карабай аракет кылганын издеп таап окуңуз. Кудайга шүгүр, азыр маалыматтын кылымы, интернет булактары кол алдыңызда. Мындай адамдардын аракети сизди алдыга шыктандырып, алдыга жетелейт.

-- өзүңүздүн хобби менен айланаңыздагыларга эмнелерди бөлүшө аласыз?

-- бул идеяңызды кимге, качан, кантип бөлүшсөңүз болот?

-- айланадагы адамдарга сиздин сунуш канчалык кызыктуу?

-- сиздин хоббиге байланышкан максаттуу аудиторияны кантип тапса болот? 

-- кайсы интернет аянттарды колдоно аласыз?

-- өзүңүздүн идеяңызды, тейлөө көрсөтүүңүздү кантип, кандайча аудиторияга сунуштай аласыз?

-- өзүңүздү бул чөйрөдө кантип таанытууга болот?

-- кимдир бирөөнүн көмөгү сиздин ийгиликке жол ачабы?

Эгерде бул пункттун баарына олуттуу жооп таап, анализ жүргүзүп жана кагаз бетине жаза алсаңыз, анда алгачкы бизнес идеяңыз да, бизнес долбооруңуз да даяр болот. Болгону аны ишке ашыруу керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер