Уйку жакшы кинодон артык экенин эске алуу керек


Учурда уйкусу канбай жабыркагандар көп. Жакшы уктап эс алганга не жетсин! Бирок заман ушундай экен, адамдарда ой көп, той көп, анысы аз келгенсип, кечкисин телефондон баш көтөрбөйбүз, уктаар алдында телефонду бир чукулап алмайынча жаныбыз тынбайт.
Туура уктаган адамдын дени сак болорун адистер эбак эле белгилешкен. Эң алгач канча саат укташ керек экендигин аныктап алсак. Кээ бирөөлөр беш саат уктап, уйкусу канат, кай бир адамдарга 8-9 саат уйку керек, айрымдар 10 сааттык уйкуга муктаж, организм ошону талап кылат.
Уйку адамдын саламаттыгы жана жашоосу үчүн маанилүү нерсе, уйкуну кандырууну адатка айлантыңыздар. Уйку жакшы кинодон артык экенин эске алыңыздар. Балдарыңыздын сабагын кеч отуруп кошо даярдоонун кереги жок, андан көрө уктап эс алыңыз. Уйку канганда көп көйгөйлөргө жооп табыларын унутпаңыз.
Уйку алдында уюлдук телефон, гаджеттерди өчүрүп, баардык жумуштарыңызды убактылуу унутууну ритуалга айлантыңыз. Уктаар алдында жуунуп алуу же ваннага түшүү дагы жагымдуу. Уктап жаткан адамга тынчтык керек. Эгер жубайыңыз коңурук тарса, ага коңурукка каршы жаздык алып бериңиз. Чоң, кенен, жумшак керебетке терең уйкуга батып уктоо абдан жакшы.
Сиз уктап жаткан бөлмөнүн абасы таза болууга тийиш. Уктаар алдында бөлмөнүн нымдуулугун текшерип, желдетип алышыңыз абзел. Уктап жаткан адамга кычкылтек абдан керектелет. Ошондуктан бөлмөнүн абасы таза болууга тийиш. Жакшы уктап эс алуунун сыры мына ушундай.
"Азия Ньюс" гезити











