Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2021-жылы Чыгыш гороскобу боюнча кимди эмне күтөт?

2021-жылы Чыгыш гороскобу боюнча кимди эмне күтөт?

23-декабрь, 20:04
17 688 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы 2021-жыл Чыгыш гороскобу боюнча алып карагандаУй жылы. 

Уй – жоош, ээсине бардык жагынан пайда алып келген жаныбар. Демек, жылыбыз да жалпысынан майлуу-сүттүү, берекелүү, тынч өткөн жылдардан болот деген үмүт чоң. Ал эми Чыгыш гороскобу боюнча ким үчүн кандай жыл болору төмөндө. 

Чычкан 

Келе жаткан жылы Чычкан жылында төрөлгөн адамдар карьерасында олуттуу ийгиликтерге жетишет. Андыктан, бул жаатта болгон күчүн жумшап, аракет кылууну сунуштайт. Бизнес, курулуш баштоо, үй-бүлө куруу үчүн 2021-жыл Чычкандар үчүн абдан ылайыктуу. Мындай башталуулардын ийгиликтүү уланып кетиши үчүн Уй жардам берет.

Уй 

Уй жылындагылар үчүн келерки жыл жөнөкөй жылдардан болбойт. Аларга теңтуштары менен тил табышуу кыйын болот. Андыктан, эмоцияларын көзөмөлдөп, кечиримдүү болууну жылдыздар эскертет. Ал эми бизнес менен жумушта тескерисинче – өжөрлүк керек, эч кимди укпай, алга гана жылуу деген принцип менен иштөө сунушталат. 2021-жыл – сиздин жылыңыз. Бул деген көптөн бери улам кийинкиге жылдырып келаткан кыялдарыңызды ишке ашырууга убакыт келип жетти дегенди билдирет. Жеке жашоосунда да Уйларды ийгилик коштойт. 

Жолборс 

Жолборс жылында төрөлгөндөргө бул жылы ден соолугуна жакшы көңул буруу сунушталат. Майда көйгөйлөр болсо деле доктурга көрүнүү зарыл. Негизи эле келе жаткан жыл Жолборстор үчүн жөнөкөй жылдардан болбойт. Алар турмуштун ар кандай сыноолоруна туш болушу мүмкүн. Алардан татыктуу өтүү үчүн чыдамкай, сабырдуу болуу сунушталат. Ойлонулбай жасаган бир кадам кырдаалды андан бетер татаалдаштырып салуусу мүмкүн. 2021-жылы өзүңүз анчалык ишеничтүү болбогон ишти баштабай туруңуз.

 Коён

 Коёндор Уйлардын коргоосу астында болот. Андыктан алардын ден соолугу, каржылык абалы баары ордунда болмокчу. Чоң-чоң пландарын ишке ашырууда эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Өзгөчө ийгиликтүү учур болуп март, июнь айлары эсептелинет. Чыгыш астрологдорунун пикиринде, бул айларда ийгиликтин энергиясы көп болот. Уй – үй-бүлөлүк туруктуулукту өзгөчө баалайт. Бул жагынан Коёндордо маселе жаралбайт. Андыктан, жеке турмушуна да, карьерасына да байланышкан бардык чечимдер ийгиликтүү болот. 

Ажыдаар 

2021-жыл Ажыдаарларды көп учурда кубантат. Эгерде көптөн бери бизнес ачууну максат кылып жүргөн болсоңуз, азыр да шашпай туруңуз. Андан көрө, баарын кайра башынан анализдеп, эсептеп, багытыңызды тактап алыңыз. Ал эми алектенип жүргөн бизнесиңиз бар болсо, бир мүмкүнчүлүктөн экинчи мүмкүнчүлүккө секирбей, сабырдуу, ынсаптуу болуңуз. Болбосо күчүңүз калбай калат, ишкер өнөктөштөрүңүз сизди олуттуу кабыл албай калышат. Жеке жашоо экинчи планга жылат. Ажыдаарлардын көпчүлүгүндө бул жылы күтүлбөгөн ийгиликтер болот. Мисалы, лотереядан утуштар болушу мүмкүн. 

Жылан

Уй жылында Жыландарды кызыктуу жыл күтөт. Алар саякатка көп чыгышат. Жашоосуна оң таасирин берүүчү адамдар менен таанышат. Бирок, каржылык абалы мурун кандай болсо ошол бойдон эле калат. Кесиптештериңиздин арасында сизге каршы иштерди жасагандар чыгышы мүмкүн. Аларга көңүл бурбай, өзүңүздү мурунку калыбыңызда алып жүрө бериңиз. Акырында жетекчиңиз сиздин ушакка кызыкпаган сапатыңызга баа берет. Бизнес менен алектенген Жыландарга баарына эле ишене бербөөнү астрологдор эскертишет. Ишкер өнөктөшүңүз сизди алдоого аракет кылышы мүмкүн. Кол коюш керек болгон документтериңизди абдан кылдат текшериңиз.

Жылкы 

Уй менен Жылкынын мамилеси жакшы. Андыктан, Жылкы жылында төрөлгөн адамдар үчүн келаткан жыл ийгиликтүү болмокчу. Аларга бакыт, албетте, өзү келбейт. Ал үчүн аракет кылуу зарыл. Ал эми Жылкыларга эмгекчилдик, күжүрмөндүк сапаттар таандык. Май жана октябрь айларында Жылкыларды каржы жаатында сюрприз күтөт. Күтпөгөн жерден көп суммадагы акча колго тийип, кубанышат. Мындан тышкары, бизнестин бардык түрүнө салган акчалары жакшы пайда алып келет. 

Кой 

Койлорго бул жылы жалкоолукту таштоону адистер сунушташат. Бул алардын ийгилигинин жарымы болуп эсептелинет. Анан иштеп эмгектенсе, буга чейинки максаттарынын баарына жетет. Ошондой эле аларга жаңы хобби табуу сунушталат. Дал ошол хоббиси негизги киреше булагы болуп калуусу ыктымал. Астрологдор Койлорго тоолуу жерлерден, руль башкаруудан абайлоолорун эскертишет. 2021-жылы акчага, ден соолукка байланыштуу учурларда тобокелчиликке барбагандары дурус. Уруш-талаш, ызы-чуу, интригалар да сизди жана жакындарыңызды бул жылы коштоп жүрөт. Алардын баарына сабырдуулук менен карасаңыз, сиздин пайдаңызга чечилет. 

Маймыл

Келе жаткан жыл Маймылдар үчүн жагымдуу да, жагымсыз да сюрприздерге бай болот. Жаңы таанышуулардан абайлоону жылдыздар эскертишет. Анткени, алар жагымсыздыктарга алып келиши мүмкүн. Бирок, кеп романтикалык сүйүү мамилелери тууралуу болсо, бул жааттагы таанышуулар олуттуу деңгээлге чейин өсүп жетет.

 Тоок

 Уй менен Тоок көп жагынан бири-бирине окшошуп кетет. Бул эки үй жаныбары тең ээсине пайда алып келет. Экөөнүн мамилеси жакшы. Андыктан, жылдын ээси болгон Уй Тоокту бардык жагынан колдойт. Тооктун ийгиликке жетишинин бир сыры – ал айланасына пикирлеш адамдарды көбүрөөк чогултканы жакшы. Жумушта кесиптештери менен, жеке жашоодо туугандары менен жакшы мамиледе болуусу айтылат. Ушул жылы алардын сөзсүз кереги тийет. Көпчүлүк Тооктор үчүн бул жылы кудалашуу, үйлөнүүлөр күтүлөт. Ал эми үй-бүлөлүү Тооктордо балдар төрөлөт, үй-бүлөсүндө толуктоолор болот. 

Ит 

Иттер үчүн да бул жыл ийгиликтүү, жемиштүү жылдардан болмокчу. Ишмердүүлүгүнө байланыштуу ийгиликке жетүү үчүн Иттерге эмгек кылуу талап кылынат. Ишенимдүү, сезимтал, күжүрмөн бул белгинин ээлери үчүн ал кеп эмес. Баардык кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип, максатына жетет. Өзгөчө ийгиликтүү болуп апрель жана декабрь айлары эсептелинет. Жумушунан сырткары ийгилик фортунасы Иттердин жеке жашоосуна да жылмаят. Жыл аягында ири суммадагы акча же баалуу белекке ээ болушат.

Доңуз 

Уй жылында Доңуздар каалаганынын баарына жетет. Жаңы иш баштаса, көп өтпөй жемишин берет. Бирок, жетишем деген ой менен бир нече жумушту бир убакта моюнга жүктөп алуунун кажети жок. Мында энергияңыз көп кетип калат да, иштин пайдасын көрбөй каласыз.

Булак “Леди кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер