Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самара Каримова: “Ириген ооздон чириген сөз чыгат”

Самара Каримова: “Ириген ооздон чириген сөз чыгат”

21-декабрь, 12:21
4 983 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова социалдык баракчасына кызыктуу пост бөлүштү. Ага төмөндө көз жүгүртсөңүз болот.

· Кайгылуу күндөр эсиңе түшсө, аларды болбогон деп бил жана жашооңду уланта бер.

· Жийиркеничтүү, уят сөздөрдү угуп калсаң, кулагыңдын сыртынан кетирип, жолуңду уланта бер.

· Кимдир бирөө жамандык кылса, аны кечир жана эч нерсе болбогондой жашооңду ула.

· Бул дүйнөнүн кайсы бир жакшылыгына жетпей калсаң кайгырба, эч нерсе болбогондой өмүр сүрө бер. Анткени өмүр кыска. Бакытка жетпей туруп өзүн бактылуу сезген адам – чыныгы бактылуу.

· Сен жөнүндө айтылган сөздөрдү териштире бербе.

· Сага жамандык кылган ар бир адам менен эсептеше бербе.

· Сага кол салган ар бир адамга кол салышың шарт эмес.

· Сага душмандык кылган адамдан өч алба.

· Эгер сак болсоң, Алла Таала ден соолугуңду чың кылат. Түнү тынч уктайсың, ырахаттанып жашайсың, көңүлүң тынч болот.

· Жыйында отурганда тилиңди сакта.

· Эки нерсени: адамдардын сага кылган жамандыгын жана өзүңдүн адамдарга кылган жакшылыгыңды эч качан эстебе.

· Эки нерсени: Алла Тааланы жана акыретти эч качан унутпа.

· Эгер сага орой сүйлөсө, ага ачууланба, жөн гана жылмайып кой. Анткени, ал өзүнүн ким экендигин сага көрсөтүп койду. Адамдын көркү  акыл, акылдуу адамдан гана акылдуу сөздөр чыгат. Ириген ооздон чириген сөз чыгат. Тентекке теңелип, терек бою секирбе.

· Эгер бирөө сага тилинин канжарын сайып жараласа, сен да ошол канжар менен жооп беришиң шарт эмес. Тескерисинче, сен ага жылмаюунун кылычын сайып алсаң жакшыраак болот.

· Кайнап жаткан суудан өзүңүздүн жүзүңүздү эч качан көрө албайсың. Ошол сыяктуу эле ачууланып турган кезиңде акыйкатты көрбөй каласың.

Текеберлик (бой көтөрүү, менменсинүү). Шайтан текеберлигинен Алла Тааланын каргышына калган; 

Ачкөздүк. Ачкөздүктүн айынан Адам ата бейиштен куулган; 

Көралбастык. Көралбастыктын кесепетинен Адам атанын уулдарынын бири экинчисин өлтүргөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер