Өтө пайдалуу азыктар кайсылар?


Көпчүлүк тамак-аштын ордун баса турган алда канча пайдалуу альтернативалык азыктар бар. Алар кайсылар?
Зыяндуу тамак-ашты пайдалуу азыктар менен толуктаңыз
· Латтенин ордуна Американын кара кофесин колдонуңуз. Кара кофе – картаюунун алдын алып, онкологиялык ооруларга жолтоо болгон антиоксидант;
· Дүкөндөгү даяр йогуртту колдонуунун ордуна, өзүңүз колго айран уютуп, ага мөмө-жемиштерди кошуп колдонуңуз;
· Ак нандын ордуна кара нан алда канча пайдалуу;
· Куурулган этке караганда, мангалда бышкан эт абдан пайдалуу;
· Картошкадан чипсы жасап жегендин ордуна, жашылча-жемиштен чипсы жасап жегениңиз оң;
· Картошкадан пюре жасап жегендин ордуна, түстүү капустадан жасап жеңиз;
· Сухардын ордуна кургак жемиштерди колдонуңуз;
· Эгерде сиз салатка сухар кошуп үйрөнүп калсаңыз, анда анын ордуна грек жаңгагын же күнкараманы кошконуңуз дурус.
"Азия Ньюс" гезити











