Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамгырдан корккон мөндүргө туш болот

Жамгырдан корккон мөндүргө туш болот

30-апрель, 19:56
629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоо – бул нөшөр. “Качан бүтөөр экен?” деп күтүү эмес, жамгырдын астында бийлөөгө үйрөнүү.

(Вивиан Грин)


Жамгырдан гүлдөр өсөт, жамгырдан үлүлдөр бактылуу болот.

(“Париж таржымалы тасмасынан”)


Жамгыр жаап жатканда сөзсүз бирдекелер эске түшөт.

(Рю Мураками)


Ал колунан колчатырын алды эле кыз ага огобетер ыктады, алардын үстүнөн болсо бакыт дыбырап атты...

(Владимир Набоков)


Ар бир адамдын турмушунда жаан-чачын болот.

(Пэлем Гринвел Вудхауз)


Жамгыр жаап жатканда бардык жер асман жыттанат.

(Такао Акидзики)


Жамгырды караба. Түркүн түстөгү колчатырлар кантип ачылып жатканына кара.

(Надея Ясминска)


Күз ыйлаган кезде сөзсүз жамгыр жаайт.

(“Күз” ырынан)


Жамгырда Кудай бар...

(Иви Хэммонд)


Качандыр бир кезде биз да жамгыр сыяктуу бууга айланып кетебиз.

(“Көз алдыга тартылган өмүр” тасмасынан)


Көз жаш кудум жамгыр сыяктуу биздин жүрөгүбүзгө жуккан чаңдарды жууп, кетирип турат.

(Чарлз Диккенс)


Жамандык сыяктуу болуп көрүнгөн нерселер кээде жакшылык болуп чыгат. Мисалы, жамгыр.

(Джордж Мартин)


Жамгыр токтогон кезде колчатыр унутулат.

(Япон накылы)


Англиядагы жамгыр  асманга илинген мухит сыяктуу. Акырындап ага чөгүп кетесиң.

(Луи-Фердинанд Селин)


Жамгырдан корккон мөндүргө туш болот.

(Курд накылы)


Асмандан жааган жамгыр сөзсүз жерге жетет. Чыныгы жамгырды эч ким токтото албайт. Андан эч ким кача да албайт. Жамгыр дайыма адилеттүү.

(Харуки Мураками)


Колчатыр жок да колуңда,

Кийимиң суу болот дейсиңби?

Сонун да!

(Мацуо Басё)


Мен колчатырмын. Кел, шамал менен жамгырдан чогуу жашыналы.

(Фэн Цзицай)


Жамгыр жааган учурда кимдир бирөө жүрөгүңдөгү тырыктарды өөп жаткандай сезилет.

(Мария Берестова)


Жөргөмүш жаан жаап жаткан учурда да ишин токтотпосо, демек, жамгыр бир аздан кийин басылат.

(Немис накылы)


Кырсык жамгыр менен эмес, нөшөр менен келет.

(Англис накылы)


Кайгырып турганда көңүл айтуу кургакчылык учурунда жамгыр жаагандай эле нерсе.

(Индия накылы)


Кийими суу болгон киши жаандан коркпойт.

(Орус накылы)


Жамгыр ушунчалык катуу жаагандыктан, чочколор таптаза, ал эми адамдар болсо ылай болуп калышты.

(Георг Кристоф Лихтенберг)


Декабрда жамгыр жааганы кандай кейиштүү болсо, жыйырма сегиз жашта өлгөн ошондой эле кейиштүү.

(Харуки Мураками)


Жамгыр жөн гана асмандан тамган тамчы эмес. Анда кандайдыр бир белги бар.

(Эльчин Сафарли)


Жаңы чатыр былтыркы жаандан коргой албайт.

(Александро Кристо)


Биздин ичибиздеги жамгыр эч качан басылбайт, балакай...

(Тренд Далтон)


Балык өмүр бою сууда жашаса да нааразы болбойт, Фурукава-сан. А сиз болсо жамгыр жааганына наалып атасыз.

(Анаит Григорян)


Кээде жамгыр биздин дүйнөнүн болгон кирлерин жууп кетиргиси келип жаткандай сезилет.

(Аврелий Августин)


Жамгыр дүйнөнү косметикасы жок, кандай болсо ошондой кылып көрсөтөт.

(Хуан Трипп)


Жамгырдан кийин сөзсүз илхам келет.

(Афанасий Фет)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер