Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каакым гүлүнүн ден соолукка пайдасы

Каакым гүлүнүн ден соолукка пайдасы

28-апрель, 17:00
705 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Каакым – жаздын алгачкы гүлдөгөн гүлдөрүнүн бири. Ал мекенибиздин ар бир булуң-бурчунда өсөт. Биз бүгүн сиздерге каакымдын ден соолукка пайдасы тууралуу кеп кылмакчыбыз.


Диабет болгон кезде

Каакымдын майдалап тууралган тамырын 1 стаканга салып, чай сыяктуу кайнатып ичиңиз. Күнүнө ушундай 3-4 жолу ичип турсаңыз, диабеттин алдын аласыз.


Онкологиялык ооруларда

Каакымдын 100 г жаш жалбырагын тузду сууга малып, ага 50 г майдалап тууралган пияз менен 25 г петрушка кошуп, өсүмдүк майы менен аралаштырып ичиңиз. Ошондо сиз түрдүү онкологиялык оорудан аман каласыз. Алсырап калган кезде да пайдасы мол.


Бөйрөктүн ооруксунуусу

Каакымдын тамырын майдалап алып, күнүнө эки жолудан тамак ичердин алдында жарым саат мурун жеп туруңуз.


Жүрөк ооруларына

Каакымдын тамырын кургатып жеп, артынан суу ичип алыңыз. Ушуну күнүнө 2-3 жолу кайталап турсаңыз, жүрөк ооруларынан кутуласыз.


Арыктагыңыз келсе

2 аш кашык же 1 аш кашык каакым жалбырагын сууга салып кайнатып, 6-8 саат аралыгында термосто сактаңыз. Кийин аз-аздан жутуп туруңуз.


Териңизди агартуу үчүн

Каакым гүлүн 0,5 л сууга жарым саат кайнатып, бетиңизди эртең менен жана кечинде сүртүп туруңуз.

Азыркы күндө өсүмдүктөн чыккан сүттөн түрдүү майлар жасалат. Алар сөөл, сыздоок, сепкил, ала, жылан чакканда жардам берет. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер