Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялдар тууралуу асыл саптар

Аялдар тууралуу асыл саптар

02-октябрь, 13:50
2 768 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Аялдар көлөкө кыяктуу: куусаң качат, качсаң кубалайт”. 

(Франсуа Рене де Шатобриан)


“Сулуу аял көзгө, ал эми акылдуу аял жүрөккө жакшы көрүнөт. Биринчиси жалтырак болсо, экинчиси казына сыяктуу”.

(Наполеон Бонапарт)


“Отко салса күйбөгөн алтын, алтынды көрсө азгырылбаган аял, аялды көрсө азгырылбаган эркек баалуу болот”.

(Максим Горький)


“Атактуу адамдардын көпчүлүгүнүн энелери мыкты болгондугу таңкаларлык далил, алар атасына караганда энелеринен көп тарбия алышкан”.

(Г.Бокль)


“Бир туугандарыбызды, түгөйүбүздү, атабызды сүйгөнүбүз менен, жан кыйнылганда ар дайым оозубузга биринчи энебиз келет”.

(Н.А.Некрасов)


“Эне деген атка татыктуу аялга даңк! Анын сүйүүсүнө чек жок, анын эмчек сүтү менен бүткүл дүйнө азыктанган. Адам баласындагы баардык асыл нерселер күндүн нуру менен эненин сүтүнөн жаралган. Ошондуктан биз жашоону сүйүүгө мажбурбуз”.

(Максим Горький)

“Улуттун келечеги – энелердин колунда”

(О.Бальзак)


“Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду”.

(Чыңгыз Айтматов)


“Күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат”

ритан макалы)


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер