Көмүскө туюмду ойготкон түш көрүүнүн кызыктуу сырларын окуңуздар!
Адам баласы өмүрүнүн тең жарымын түш көрүү менен өткөрөт. Окмуштуулар адамдын уктаганын изилдеген сайын улам жаңы ачылыштарды чыгарышууда. Адам түш көрүп жатканда ар түрдүү образда болуп, бирде ыйласа, бирде күлөт. Ал эми медицина кызматкерлери кийинкидей илимий аныктамаларды беришет.
✔Адам түш көрүп жатканда денеси дээрлик шал сыяктуу кыймылдабай калат. Бул мээнин элестетүүсү кайталанбашы үчүн жасалган табигый нерсе. Бул функция эс алуу үчүн жана ар кандай жарат алуудан коргонуу үчүн жасалат.
✔Көмүскө туюм уктап жаткан кишинин реалдуу каалоолорун элестетет. Бул айрыкча ачкачылык, суусагандык сыяктуу муктаждыктар убагында ачык байкалат.
✔Көптөгөн изилдөөлөрдөн улам мурдагы тамеки тарткан адамдар чындыкка жакын жана ачык түштөрдү көрөөрү белгилүү болгон. Алар ал гана эмес түштөрүндө никотиндин даамын татып, бир топ канааттануу алышат.
✔Түш жоруу өтө татаал нерсе. Түштө кайсы бир абалга жараша туюмдар берилет. Мээ адамдын коркунучуна, күмөн саноолоруна таасир этип, ар кандай картиналарды тартат. Аларды жүрүм-турумга же жашоо образын кайрадан карап чыгууга берилген бир белги катары карабаш керек дешет адистер.
✔Адамдар ак-кара түстөгү түштөрдү көргөндөргө жана түстүү түштөрдү көргөндөр деп бөлүнүшөт. Түстүү түштөр адамдын психикалык жана эмоционалдык маанайынан көз каранды.
✔Эгерде адамдын күнүмдүк турмушу окуяларга бай болсо, түштөрдө да бул көрүнүш чагылат. Күндөлүк окшош турмуш, чарчоо жана жашоонун бир түрдүүлүгү ак-кара түстөр менен коштолот.
✔Кээде адамдар ойгонуп кетип, түштөрүндөгү таттуу кыялдарында бейтааныш бирөөнү көргөнүн айтышат. Чындыгында биз качандыр бир көргөн кишилерди гана көрөбүз. Болгону бул тууралуу унутуп калышыбыз ыктымал, ал эми мээ ошол образды сактап калат
✔Кээде түштөргө гениалдуу ойлор келет. Бирок, адамдар түштөрүнүн 10%ын гана эстеп калышат. Калгандары таптакыр унутулат.
✔Тубаса азиз адамдар түштөгү картиналарды да көрө алышпайт. Бирок, түшүндө жыттарды сезип, үндөрдү угушат.
✔Психологдордордун изилдөөсүндө мээ эмнени көрсө, ошону тартат. Болгону тең салмактуулук жана түстөр алмашат.
✔Изилдөөлөргө ылайык, жаныбарлар да түш көрүшөрү маалым болгон.
✔Адам коңурук тартып жатканда түш көрбөйт.