Бизге мүмкүн эместей көрүнгөн нерселердин баары ишке ашат
Математик Джордж Данцингдин студент кезинде бир окуя болгон. Джордж окуусуна аябай олуттуу карачу, ошондуктан түн бир оокумга чейин сабактарын аткаруу менен отура берчү. Бир күнү да түн ичинде сабак окуп отуруп, эртең мененки профессор Неймандын сабагына 20 мүнөт кечигип келет. Джордж доскада жазылып турган эки маселени үй тапшырмасы үчүн берилген маселелер го (!) деп ойлоп, шашылып дептерине жазып алат. Маселелер аябай оор эле, аны иштеп чыгууга Джордж бир нече күн коротуп, анан жообун профессорго алып келет. Профессор эч нерсе дебейт, бирок бир нече күндөн кийин эртең менен саат 06:00дө Джордждун үйүнө кирип барат. Анткени Джордж иштеп барган эки маселени чечүү мүмкүн эмес болчу. Бирок, ал жөнүндө ойлонуп да койбогон Джордж кечигип калганы үчүн гана үй тапшырмасы окшойт (?) деп эле жазып алган эле. Негизи профессор аны үй тапшырмасы үчүн эмес, «бул эки маселе математикадагы эң оор, иштеп чыгууга мүмкүн болбогон маселелер, математиктер 1000 жылдан бери чыгара алышкан эмес, керек болсо Эйнштейндин да башы жетпей койгон» деп жөн гана студенттерге тааныштыруу үчүн доскага жазган эле. Джордж иштеп чыгууга мүмкүн болбогон эки маселени иштеп койгонунун себеби, ал бул татаалдыкты иштеп чыгуу мүмкүн эмес экендигин укпай калган...
Ошондуктан “мүмкүн эмес” десе эле ынанып отура бербешибиз керек. Жетүүгө мүмкүн эмес болгон максаттын өзү жок, аракет жана талыкпастан эмгек кыла берсек, бизге татаал көрүнгөн нерселердин баары ишке ашат...
"Азия Ньюс" гезити