Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы күн башталарда адамдардын баары бирдей саат, мүнөт алышат

Жаңы күн башталарда адамдардын баары бирдей саат, мүнөт алышат

24-июль, 13:11
1 598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убакыт – эч кимге жан тартпаган, эч кимди кемсинтпеген адилеттүү жетекчи сыяктуу. Жаңы күн башталарда адамдардын баары бирдей саат, мүнөт алышат. Мисалы, байлар акчага дагы көп убакыт сатып ала алышпайт. Ошондой эле илимпоздор дагы көп убакыт ойлоп таба алышпайт. Же эртең колдонуу үчүн бүгүнкү убакытты сактоого болбойт. Бирок, ошого карабай, убакыт – адилеттүү жана кечиримдүү болот. Өткөн чакта убакытты канчалык максатсыз колдонгон болсоңуз да, эртеңки убактыңызды кемитпей, башкалар менен бирдей берет.

(Дэнис Уэйтли)


Убакытты туура эмес колдонгондор, убакыттын кыскалыгына наалышат.

(Жан де Лабрюйер)


Өмүрдү сүйсөңүз убактыңызды бекер өткөрбөңүз. Убакыт – өмүрдүн дал өзү.

(Бенжамин Франклин)


Беш нерседен мурда беш нерсени барктагыла: кедей болуп калуудан мурда байлыгыңды, ооруп калуудан мурда ден соолугуңду, бошобой калуудан мурда убактыңды, картайып калуудан мурда жаштыгыңды жана өлүмдөн мурда өмүрдү барктагыла.

(Хадис)


Бош убакыт жок, бош кеткен убакыт бар.

(Рабиндранаат Тагор)


Адамдын өмүрү жарымын тартышуу менен өткөрө тургандай узун эмес. Өткөндү унутуп, келечекти караңыз. 

(Линкольн)


Убакыт эч качан жок болбойт, биз жок болобуз.

(Поль Клодель)


Бир адамдын экинчи бирөөгө бере ала турган эң баалуу белеги – ага бөлгөн убактысы.

(Дейл Карнеги)


Эрте таңдагы бир саат, түнкү эки сааттан берекелүү.

(Африка эл макалы)


Бош кеткен убакытка кайгыруу – шамалды кубалоо сыяктуу.

(Орус эл макалы) 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер