Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийиктеги кол жеткис кыялга эмес, конкреттүү максатка умтул!

Бийиктеги кол жеткис кыялга эмес, конкреттүү максатка умтул!

19-июль, 00:14
786 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жандүйнөңө, каалооңо төп келген, аны менен бирге жашооңду камсыздай турган кесипти тандоо оңой эмес. Бирок, тандоо сенин колуңда экендигин унутпа. Өзүңө ишен жана биздин кеңештерди окуп чык. Дегиңкиси, сен сүйгөн кесип канчалык чарчасаң да ырахат алып келиши керек. Ошондуктан, өзүңдүн каалоолоруңа таянып, төмөнкү эки суроого жооп бер. Анда кеттик!


Биринчи суроо: Кимдер же эмнелер менен иштегиң келет?

1) Адам (кичине балдар, чоңдор, окуучулар, студенттер, кардарлар жана бейтаптар, көрөрмандар жана окурмандар, сатып алуучулар ж.б);

2) Маалымат (текст, формула, схема, код, чет тилдери, программалоо тилдери);

3) Финансы (акча, акция, фонд, кредит);

4) Техника (механизмдер, конструкциялар, приборлор, машиналар ж.б);

5) Искусство (адабият, музыка, театр, кино, балет, живопись ж.б);

6) Жаныбарлар (жапайы же үй, өндүрүштүк);

7) Өсүмдүктөр (айыл чарбалык, жапайы, декоративдик);

8) Азык-түлүк (эт, балык, сүт, кондитердик азыктар, нан, консервалар, жашылча-жемиштер);

9) Буюмдар (металл, жүн, тери, жыгач, таш жана кездемеден жасалган буюмдар, дары жасоо);

10) Табият ресурстары (жер, токой, тоо, шаркыратма, кен).


Экинчи суроо: Ишмердүүлүктүн кайсы түрү сага кызыктуу?

1) Башкаруу (кайсы бир ишке жетекчилик кылуу);

2) Тейлөө (башкалардын талабын канааттандыруу);

3) Билим берүү (тарбиялоо, окутуу);

4) Айыктыруу (оорудан сакайтуу же алдын алдыруу);

5) Чыгармачылык (искусстводогу оригиналдуу чыгармаларды жаратуу);

6) Өндүрүү (продукция чыгаруу);

7) Конструкциялоо (деталдарды, объектилерди долбоорлоо);

8) Изилдөө (бир нерсенин үстүнөн илимий изилдөө);

9) Коргоо (зыян алып келүүдөн сактоо);


Өзүңө баа бер, азыр кимсиң?

Төмөндөгү суроолор жеке кызыкчылыктарыңды ачып берүүгө, өзүңдү жакындан таанууга жардам берет.

-- Эмнеге көбүрөөк кызыгасың? 

-- Өзүңө толук ишенүү менен кайсы ишти бүтүрө аласың?

-- Кайсы жумуш сени рахатка бөлөйт, кубантат?

-- Мектепте кайсы сабакты сүйүп окугансың? 

-- Кайсы сабактан чоң ийгиликтерге жетишкенсиң, сыйлыктарды алгансың?

Жеке сапаттарыңды, күчтүү жактарыңды аныктоодо кыйналсаң, онлайн тесттер жардам берет. Ал эми профессионалдык кызыкчылыгыңды ачып берүү үчүн профориентациялык тесттен өтүү да маанилүү. Мындан сырткарыкагаз жана калем алып, өзүңдүн күчтүү жана алсыз жактарыңды жаз. Баракты эч ким окубайт, ошондуктан чынчыл бол. Бүткөн соң мунун үстүндө анализ жүргүзүп көр. Өзүңдү канчалык жакшы билсең, кесип тандоо ошончолук жеңил болот.


Сени кызыктырган кесиптердин тизмесин түз

Тизмеде сага туура келген, сени кызыктырган кесиптер болушу керек. Көп вариант болуп кетти деп ойлонбо. Канчалык тизме узун болсо, салыштырып тандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. 


Максаттарыңды аныкта

Өзүңдүн тандаган кесибиңде иштөө үчүн жакынкы айларда, жылдарда эмне кыласың? Кагазга алдыңкы пландарыңды, кадамдарыңды жазып башта. Бирок жөн гана кол жеткис кыял эмес, конкреттүү максат болуш керек. Аткарылчу иштериңдин мөөнөтүн, ордун так белгиле. 

Эскерте кетсек, быйыл пандемияга байланыштуу ЖОЖго тапшыруу онлайн түрдө өтөт. Бул үчүн атайын билим берүү министрлиги тарабынан www.2020.edu.gov.kg сайты түзүлдү. Окуу жайга кабыл алуу башталганга чейин керектүү документтерди жиберип, порталга катталуудан өтүү керек. Абитуриенттер сайттан ЖОЖдордун, факультеттердин тизмесин, ж.б. керектүү маалыматтарды ала алышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер