Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Энергияны, болгон ал-күчүңүздү төмөндөткөн жаман адаттар

Энергияны, болгон ал-күчүңүздү төмөндөткөн жаман адаттар

22-июнь, 11:58
678 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убакыттын өтүшү менен биз жетиштүү энергияга ээ боло албай калабыз. Ага албетте, ар кандай факторлор себеп болот. Муну менен кошо биздин айрым терс адаттарыбыз дагы себеп болот экен. Алар кайсылар?


“Жок” сөзүн айта албоо

Көпчүлүгүбүз башкалар бактылуу болушун каалап, алардын көңүлүн кыя албай, “жок” деген сөздү айта албайт экенбиз. Эгерде сиз ар дайым “ооба” деген сөздү колдонуп, “жок” деп айта албасаңыз, анда өзүңүздү караганга убакыт такыр табылбайт.

Ал арада “жок” сөзүн айта албаган адамдар эмоционалдык жана акылга бай энергиясын бат эле жоготуп коёт.


Мурунку күн менен жашоо

Мурун эмне болгондугу тууралуу ар дайым ойлоно берип, айрым адамдар болгон энергиясын ошого жумшап алат. Бул нерсе сизди физикалык жана акылдык жактан артка тартат. Албетте, ар бир адам мурда башынан өткөн трагедиялуу окуяларды эстеп, унута албайт. А бирок келечекке кадам жасабай, мурункуну эстеп, ойлоно берүүнүн кажети жок. Ал мурда болуп өткөн нерсе, аны өзгөртүү мүмкүн эмес.


Ашыкча толкундануу

Биз келечекте эмне, кандай болот деп ар дайым ойлонуп, толкундана беребиз. Ошентип отуруп, алар акылдык жана эмоционалдык энергиясын коротуп алат.


Жоопкерчилик

Кээде биз алдыга абдан чоң пландарды түзүп, ага жетүү үчүн өзүбүздү жоопкерчиликке тартып, кыйнап коёбуз. Бул туура эмес. Айрым учурда өзүбүзгө убакыт бөлүп, айрым пландарды артка жылдырып, эс алып алуу дагы жакшы.


Акчадан жуккан оорулар

Акчадан жуккан бактериялар ашказан жарасы, пневмония, ичеги-карын ооруларын пайда кылат. Ошондой эле теринин кычышуусуна, аллергияга алып келет.

Нью-Йорк шаарынын университетинин биолог окумуштуулары бир долларлык купюрадагы химиялык бактерияларды изилдешкен. Анда бир банкноттон 3000 бактерия табылган. Алардын ичинде кооптуу ооруларга чалдыктыруучулары да бар. Окумуштуулар банкноттун кирдеген деңгээлин анын куну менен байланыштырышат. Куну (номиналы) төмөн купюралар колдон-колго өткөндүктөн бактерия көп. Ал эми ири суммадагы колдон-колго сейрек жүгүргөн акчалар салыштырмалуу «таза».

Дарыгерлер ар дайым акча санаган сайын колду жууп, каражатты капчыкта сактоого кеңеш беришет. Себеби, чөнтөктө бактериялар тез көбөйөт.



Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер