Жылмайганды билбеген киши соода менен алектенбей эле койгону оң
Бизнес – бул согуш менен спорттун айкалышы.
(Андре Моруа)
Айлыкты иш берүүчү төлөбөйт, ал акчага ээлик гана кылат. Айлыкты кардар төлөйт.
(Генри Форд)
Бизнес дүйнөсүндө арт жакты көрсөтчү күзгүң алдыңкы терезеңе караганда тазараак болот.
(Уоррен Баффетт)
Ишиң өргө чабышы үчүн жүрөгүң бизнесте эмес, бизнес сенин жүрөгүңдө болушу керек.
(Томас Джон Уотсон)
Бизнестеги мүмкүнчүлүк автобус сыяктуу: бирөө кетсе, бирөө келет.
(Ричард Брэнсон)
Бизнесте сен же акча аласың, же тажырыйба аласың. Тажырыйба ал, акча өзү эле келет.
(Гарольд Дженин)
Ишенимге негизделген бизнес кан төгүү менен бүтөт.
(Борис Абрамович Березовский)
Музыкадагы бизнес – бул өтө ташбоор, анчалык терең эмес ор. Уурулар менен сутенерлор ээн-эркин жүрүп, адамдар болсо ит сыяктуу ажал тапкан коридор.
(Хантер Томпсон)
Билим жан сактооңо жардам берет. Билимиңди өркүндөтүү болсо сени ийгиликке алып барат.
(Джим Рон)
Эгер сен сын уккуң келбесе, анда жаңы эчтеке жасаба.
(Джефф Безос)
Эч качан эмгек өргүүсүнө чыкпагыла. Анын эмне кереги бар? Эгер ишиң сага ырахат тартуулабаса, демек, сен өз ордуңда эмессиң. Мен гольф ойноп жатканда да өз бизнесимди жасай берем.
(Дональд Трамп)
Искусствону өзүнүн бизнесине айлантып алгандардын көбү алдамчылар.
(Пабло Пикассо)
Эгер кызматкер жетекчиси менен дайыма эле макул боло берсе, андай адам бизнес үчүн пайдасыз.
(Элберт Грин Хаббард)
Өз ишиңди эс алууну эңсебегендей кылып уюштуруш керек.
(Фрик Вермюлен)
Эгер сен ишкер болуп, бирок ката кетирбесең, анда ишкер эмес экенсиң.
(Ричард Брэнсон)
Ишкерkик – бул лимонду лимонадга айлантуу эмес. Лимонадды вертолетко айлантуу.
(Тина Силиг)
Бизнес – бул бирөөнүн чөнтөгүндөгү акчаны күч колдонбой алып алуу искусствосу.
Ишиң илгерилеп баратканын сен өзүң байкабай деле калышың мүмкүн, бирок салык кызматы байкап турат.
Бизнесте чоочун кишилерге бир тууганыңдай, ал эми бир туугандарыңа болсо чоочундай мамиле кылыш керек.
(Белгисиз автор)
Жылмайганды билбеген киши соода менен алектенбей эле койгону оң.
(Кытай накылы)
Рынок экономикасында ар бир буюмдун баасы бар, бирок эч нерсенин баалуулугу жок.
Эмгекчилдин колу туурулса, бекерпоздун тили туурулат.
(Бауржан Тойшибеков )
Ишкер дүйнөнүн эң башкы эрежеси: бүт баарын, атүгүл майда тамга менен жазылгандарды да окуш керек.
Жаңы иш ачып, ишканасын каттоодон өткөргөндөрдүн баарына эрдиги үчүн медаль бериш керек.
Азыркы күндө искусство бизнеске айланып баратканы өтө өкүнүчтүү.
(Анна Алексеевна Снаткина)
Пайгамбарлардын иши – пайгамбарлык кылуу, элдин иши – аларды таш менен уруу.
(Владислав Ходасевич)
Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтыруу – эртеңки ишти бүрсүгүнкүгө калтыргандыкка жатат.
(Бауржан Тойшибеков )
Жаңылык айткандан көрө жаңылык жараткан жакшы.
(Уинстон Черчилль)