Эркек менен аялдын ажырымы. Башкага кызыгуунун сыры эмнеде?


Жеке өзүңүзгө гана таандык болгон сүйүктүү күйөөңүз сизди башка менен алмаштырганын билип калдыңыз. Албетте, аял үчүн бул эң эле ызалуу сезим. Негизи эле эркектер эмне үчүн аялын башкага алмаштырышат?
Психологдор мунун негизги себептери катары төмөнкүлөрдү эсептешет.
🔸 Кыйла жылдык чогуу жашоодон кийин көпчүлүк үй-бүлөлөрдө жубайлык жашоонун кызыгы кетет. Бир кылка жашоодон тажаган эркек кандайдыр бир жаңы сезимдерди каалап баштайт.
🔸 Аялдын көңүлү башкага, мисалы, балдарына, жумушуна бурулуп кеткен учурда күйөөсү көмүскөдө унутулуп калат. Мындай абалда калган эркек үйдө өзүн керексиз сезип, жандүйнөсүндөгү бул жетишпестикти сырттан издей баштайт.
🔸 Эркектер жагымдуу, жарашыктуу кийинген, өзүнө караган аялды жакшы көрүшөт. Андыктан жолдошуңуз менен таанышканда келбетиңиз, кийимге болгон табитиңиз кандай болсо, аны ошол бойдон сактап, сергек жашоого аракет кылыңыз.
🔸 Үй-бүлөлүк бакыт үчүн кандайдыр бир иш менен чогуу алектенүү маанилүү. Анткени ортодогу мамиле сакталышы үчүн жубайлар бири-бири менен көбүрөөк сүйлөшүүлөрү зарыл.
🔸Аял 4-5 жыл катары менен үйдө отуруп калганда, аны балдары, үй тиричилигинен башка эч нерсе кызыктырбай калат. А эркек үчүн мындай аял менен сүйлөшө турган сөз жок болуп калат.
🔸 Эч бир эркекке аялынын башкарганы, аны өтө эле көзөмөлдөй бергени жакпайт. Алар аялын энеси же жетекчиси катары эмес, жөн гана жубайы катары көргүсү келишет. “Эркек – баш, аял – моюн” деп айтылып келет, бирок ошол моюнду да туура бурганды билүү керек.










