Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүт дүйнөнү айландым, бейишти өз жеримен таптым

Бүт дүйнөнү айландым, бейишти өз жеримен таптым

21-июнь, 19:40
622 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мекенге болгон сүйүү – цивилизациялуу адамдын эң биринчи белгиси.

(Напоеон Бонопарт)


Өз Ата журтуңа каршы согушуп баатыр боло албайсың.

(Виктор Гюго)


Мекениңди улуу болгону үчүн эмес, өзүңдүкү болгону үчүн жакшы көрөсүң.

(Сенека Луций Анней)


Мекенчилдикти сөз менен эмес, иш менен далилдеш керек.

(Виссарион Белинский)


Чоочун жерде тентигенден өткөн кордук жок.

(Гомер)


Мекен үчүн жан берген кандай сыймык!

(Гораций)


Мекенге болгон сүйүү үй-бүлөдөн башталат.

(Френсис Бекон)


Мекениңдин гүлдөрү да бир башкача жыттанат.

(И.Куприн)


Адам жүрөгү жок жашай албаган сыяктуу мекени жок да жашай албайт.

(Константин Паустовский)


Чоочун журт эч качан сага мекен боло албайт.

(Иоганн В.Гете)


Мекенге болгон кусалыктан өткөн керемет оору жок.

(Иоганн Георг Гаман)


Бөтөн жерде падыша болгондон көрө, өз жериңде жалчы болгон жакшы.

(Низами)


Дегеле кечирилбей турган бир күнөө бар – ал мекенге чыккынчылык кылуу.

(Пьер Буаст)


Көп кишилер чет өлкөлөргө диктаторлордун айынан эмес, салыктын айынан качышат.

(Джеймс Ньюмен)


Мекен үчүн атак-даңктан да баш тартыш керек.

(Фабий Максим Кунктатор)


Эмиграция – улуттун анализ үчүн алынган бир тамчы каны.

(Мария Розанова)


Көп кишилер чет өлкөдө жашоого бал сүйкөлгөн деп ойлошот. А чындыгында бул жакта балды Рождестово майрамында желе турган үндүккө гана сүйкөшөт.

(Игорь Шаранда)


Мекен чөнтөктө эмес, жүрөктө болот.

(Вадим Мозговой)


Мекен баарын, атүгүл Ата журтун унутуп койгондорду да эстейт.

(Леонид С.Сухоруков)


“Гимн ойнолуп жатканда туруп туруп, жатып, же сойлош керек” деп эч жерде жазылган эмес. Мекенди сүйүү зарыл.

(Владимир Жириновский)


Бал челекке пайда алып келбеген нерсе бал аарыга деле пайда бербейт.

(Марк Аврелий)


Эгер падыша өлкөнү туура эмес башкарса, акылдуу адамдардын баары качып кетет.

(Ли Куан Ю)


Эң кымбат галстукту жөнөкөй жипке татыктуулар тагынышат.

(Марк Твен)


Өз үйүңөн таппаган жыргалды башка жерден деле таба албайсың.

(Клайв Стейплз Льюис)


Мекениң – алтын бешик, бөтөн жер – түбү тешик тепши.

(Татар накылы)


Бүт дүйнөнү айландым, бейишти өз жеримен таптым.

(Азербайжан накылы)


Өз жериңен жылуу илеп, бөтөн жерден суук илеп уруп турат.

(Бурят макалы)


Мекениң – өз энең, бөтөн жер – өгөй энең.

(Молдован накылы)


Өз жериңде өлгөн да жеңил.

Атүгүл ат да өз үйүнө качат.

(Беларусь накылы)


Мекени жок киши тили жок булбул сыяктуу.

Адамдын энеси бирөө эле болгон сыяктуу мекени да бирөө эле.

Чоочун жердин жазы да жазга окшобойт.

Мекениңде – шумкарсың, бөтөн жерде – каргасың.

Мекен – энелердин энеси.

(Орус макалдары)

Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер