Акыркы кабарлар
14:12
» Кеменгер кеп » Эркек аялын сыйлабаса, андан оомат кетет. Эмне үчүн?
Эркек аялын сыйлабаса, андан оомат кетет. Эмне үчүн?
18-июнь, 21:00

Табиятынан аялдын жаратмандык ой жүгүртүүсү эркектикине салыштырмалуу бир канча эсе күчтүүлүк кылгандыктан, аял өзүнүн да, күйөөсүнүн дагы тагдырына олуттуу таасир эте алат. Аял жолдошу менен болгон мамиледе өзүн бактылуу сезип, ошондон ырахат алып жашаса, күйөөсү ар дайым жолдуу болуп, анын алдында бардык эшиктер ачылып, ар бир баскан кадамы жакшылык жана ийгилик менен коштолот. Себеби, үй-бүлөлүк турмушунда өзүн бактылуу сезип, жашоосуна канааттанып күн көргөн аял өзүнүн жаратмандык ой жүгүртүүсү менен күйөөсүнүн жолун ачып, анын турмушуна жалаң гана жагымдуу окуяларды тартып турат экен. Жакшылыктын, ийгиликтин жана бакубатчылыктын мол агымы да, бардык нерсени ойрон кылган кыйратуучу күч дагы эркекке аял аркылуу өтөт. Аял көзгө көрүнбөгөн назик сфералар жана жогорку энергиялардын дүйнөсү менен тыгыз байланышта болуп, жоктон бар кылган жаратмандык күчү жана ички эмоционалдык абалы менен өз ойлорун тез арада ишке ашыра алат. Эгер аялды үй-бүлөлүк жашоосу канааттандырбай, күйөөсүнө көп нааразы болсо, эркектин ийгиликке жетиши кыйыныраак болуп калат. Эмне үчүн акылдуу эркектер жубайынан белек-бечкектерин аябай, ар кандай жагымсыз нерселерден коруп, ар дайым көңүлүн көтөрүп турганга аракет кылышат? Себеби, бүтүндөй үй-бүлөсүнүн бактысы менен ырысы – турмушуна көңүлү ток болгон аялына түздөн-түз байланыштуу экендигин жакшы түшүнүшөт. Кааласак-каалабасак да табияттын мыйзамы ушундай. "Азия Ньюс" гезити











