Бирөөгө сөз бербей сүйлөгөндү эмес, аны тыңшай билгенди адатка айлантыңыз


“Жашоомду өзгөртөт элем, бирок коучтарга барууга акчам жок” дегендер толтура. Албетте, дайыма эле каалаган нерсени ишке ашырууга капчык жардам бере бербейт. Же сиз ишенип барган адам жашооңузду колу менен кайра ийлеп жасап бере албайт. Баардыгы өз колуңузда. Эгерде чындап “жашоомду өзгөртөм” деген болсоңуз, эринбей аягына чейин окуп чыгыңыз.
Алгач өзүңдү тааны
Сиз билесизби, Аристотель «өзүңдү тааны» деп бекеринен айткан эмес. Качан сиз ким экениңизди, эмнени каалап жатканыңызды, кандай максатыңыз бар экенин тактасаңыз, ошондо эмне максатта жашап жатканыңызды билесиз.
Тар чөйрөдө ийгилик коштойт
Сиз бир иш баштаарда алгач кичинекейден баштаңыз. Чоң масштабда алган болсоңуз, ага сиздин энергияңыз жетишпей, ойлоруңуз чачыранды болуп, ишке ашуусу кыйындайт. Ар бир кыймыл аракетиңизди тактап, максатыңызды туура коюп, майда кадам менен алга жылууну үйрөнүңүз.
Сабырдуу жана өжөр бол
Жашоо сиз каалагандай калчанбайт, ал сизди калчап турат. Кандай кырдаал болбосун сабырдуулук менен өжөр болуңуз.
Талыкпай иштегендерге ийгилик келет
Сиз тырышчаактыгыңыз жана талантыңыздын арты менен көксөгөн ийгиликке жетесиз.
Тобокелчи тоо ашат
“Эртең болбой калсачы...” деп коркуп кадам таштагандар ийгиликке жете беришпейт. Тобокелге салып кадам таштоодон коркпош керек.
Укканды үйрөн
Сиз бирөөгө сөз бербей сүйлөгөндү эмес, ал адамды тыңшай билгенди адатка айлантыңыз. Сөз талашуу менен сиз ийгиликти багынта албайсыз.
Эгерде сиз ушул сапаттарды өзүңүзгө сиңирип алган болсоңуз, анда өзүңүздү өзгөртүүгө бир кадам таштаган болосуз. Андыктан өзгөрүүнү өзүңүздөн баштасаңыз, сиз башка бирөөнүн өзгөртүүсүнө муктаж болбой турганыңызды көрөсүз.
"Азия Ньюс" гезити











