Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айрыкча карантинде күйөөңүздү мактап туруңуз!

Айрыкча карантинде күйөөңүздү мактап туруңуз!

11-апрель, 01:17
880 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөңүздү мактайсызбы? Сүйүктүүңүзгө, күйөөңүзгө махабатыңызды жеткирүүнүн бир ыкмасы - аны мактоо. Мактооңуз чын жүрөктөн болуш керек. Ар бир ишине алкыш айтып, мактоо сөздөрдү айтып жүрсөңүз, жолдошуңузга майдай жагаары сөзсүз. Сиз күйөөңүздү кандай мактайсыз?

Жолдошуңуздун сулуу экенин айтыңыз. Спорт менен машыга турган болсо, чымыр денесин, сымбаттуу келбети тууралуу айтыңыз. «Сиздин коргоочу, арка сүйөр тирегиңиз» экенин айтып туруу аркылуу өзүңүздүн аялга таандык назиктигиңизди, эркелигиңизди унуттурбайсыз.

Онтойлуу учур келсе, аңгеме арасында мактап үйрөнүңүз жана мактай турчу учурду өткөрүп жиберип албаңыз. Атайылап жагынуу үчүн мактаганыңыз терс таасир берет жана эркектер андайды сезип турушат.

Досторуңуздун, туугандардын көзүнчө күйөөңүздү мактап койсоңуз, дардалаңдап калат. Жана сизди мурункудан да жакшы көрүп кетүүсү мүмкүн.

Жолдошуңузду мактоо ортолоруңуздагы сыйды артыруу менен бирге, бири-бириңизди баалоону үйрөтөт.

Ал эми мырзалардын жубайы үчүн эң чоң мактоо — анын жакшы жар, сулуу аял, акылдуу эне экенин айтып туура тандоо жасаганыңызды билдирүү болуп саналат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер