Сен эмнени каалайсың? Жеңил жашоонубу, же укмуштуу окуяларга толгон татаал жолдубу?


Чектерди өзүңө өзүң коёсуң. Алар сенин мээңде гана бар. Башка эч жерде эмес. Кайсы жерде иштейсиң, кантип окуйсуң? Бул сенин тандооң. Кандай баа аласың, дипломуң кандай түстө болот? Бул да сенин тандооң. Жумушуң да өзүңдүн тандооң. Кыялдагы шаарыңды да өзүң тандайсың. Өз жолуңду да өзүң белгилейсиң.
Сен эмне каалайсың? Жеңил, камсыз жашоонубу? Же укмуштуу окуяларга толгон татаал жолдубу?
Эгер сенин кыялың жок болсо, анда сен башка бирөөнүн кыялы үчүн иштеп жатасың. Сен ушуну каалайсыңбы? Тандоо сенде.
Канчалык тобокелге барарыңды өзүң аныктайсың. Канчалык бийиктикке жетериңди да өзүң чектейсиң.
Кайсы жактан өсөсүң, эмнени үйрөнөсүң, эмнеге терең киришесиң? Баарын өзүң тандайсың. Эмне маанилүү, эмнеге көңүл бурбоо керек? Аны да өзүң чечесиң. Адамдар тууралуу кандай ойлоносуң же такыр ойлобойсуңбу? Бул да сенин тандооң.
Ар бир күн бул – тандоо. Ал тандоо сенин колуңда.










