Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пайдалуу кеңеш: ит мурун организмди жашартат

Пайдалуу кеңеш: ит мурун организмди жашартат

07-январь, 11:05
806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аныгында ит мурун организмди жашартып, артритте муундардагы оорутууну басаңдатат, жүрөктүн иштешин, зат алмашуу процессин жакшыртат, организмдин инфекцияларга, сезгенүүгө каршы туруктуулугун күчөтүп, кан тамырларды тазалайт.

ххх

Жаранын бат айыгышын шарттайт, ойлоо, иштөө жөндөмдүүлүктү арттырып, рактын алдын алат.

ххх

Иммунитетти жогорулатып, анемиядан арылууга жардамдашат, өт суюктугун кубалайт.

ххх

Тундурмасы. Кургатылган мөмөсүн талкалап, андан 1-2 аш кашык алып, термоско салып, үстүнө кайнак суу куюп, 40 мүнөттөй демдеп, анан сүзүп иче берсе болот. Мындай тундурма авитаминоздо, иммунитетти көтөрүүдө, өт ооруларында, кан тамырды тазалоодо, оорудан, операциядан кийин бат калыпка келүү үчүн 1 күндө 2 маал 50-100 граммдан ичилет.

ххх

Бронхиалдык астма, гастрит, ашказан жана 12 эли ичегисинде жарасы барларга оорусу курчуп турган кезде ичүүгө болбойт. Кант диабети барлар врач менен кеңешүүлөрү кажет. Ошондой эле ит мурундан аллергиясы барларга сунушталбайт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер