Мээбиз майлуу нерсени, тамекини жана спирт ичимдигин жаман кѳрѳт


Адистердин айтымында, адам баласынын мээси эмнеден чарчайт: эртең менен чала тамактанганда же такыр тамактанбаганда, анан машинаны айдап бара жатып, бир эле учурда телефон менен сүйлѳшкѳндѳ, тамеки тартканда, спирт ичимдиктерин ичкенде... Ошентип, дайыма стресс абалды түзүп алабыз. Адатта мээбизди кыйнайбыз, бирок кам кѳрбѳйбүз. Ошондуктан адистер мындай кеңеш беришет.
“Сиздин мээңизге майлуу эмес тамак-аш керек. Бирок таттуудан баш тартпаңыз. Бал жеген пайдалуу. Мээге кара шокалад жагат, ага суу керек, баарынан да жылмаюуну жакшы кѳрѳт” дейт нейрохирургдар.
Биздин айыбыздан мээбиз жабыркаганын моюнга албайбыз. Эгер эртең менен ойгонор менен планшет же уюлдук телефондон бошобосок, сиздин мээңиз рахмат айтпайт. Азыр адамдар социалдык баракчалар аркылуу гана сүйлѳшѳт. Бул туура эмес. Биз бири-бирибиз менен баарлашууга, мамиле кылууга жаралганбыз. Өзүнчѳ жалгыз болуу туура эмес.
Эң алгачкы кадамдар ѳтѳ жѳнѳкѳй жана жеңил. Бул нерсени баардык адамдар жасай алышат. Эртең менен эрте туруп, денеңизди ойготуучу кыймылдарды жасаңыз, эки стакан бѳлмѳ температурасындагы сууну ичиңиз. Эрте туруп, таза аба жутуп, үйдѳ желдетүү маанилүү. Эки стакан суунун бирѳѳсү ашказандын иштешин жакшыртат, экинчиси организмди ойготуп, иштѳѳгѳ даярдайт. Уктаган учурда биздин мээбиз активдүү иштейт. Себеби ички органдарды иштѳѳсүн башкарып турат. Мындан тышкары эгер адам кандайдыр бир оор маселесин ойлоп уктаса, эртеси күнү ал маселенин чечүү жолу боюнча жооп болот. Анткени мээ ой, эс тутум, сезим менен байланышып, эртең менен идея берет. Ошондуктан уйкусуз түндѳрдүн сизге кереги жок.
Мээбиз майлуу нерсени, тамекини жана спирт ичимдигин жаман кѳрѳт, бирок кара шокаладды жактырат. Тамеки же чылым чегүү жүрѳккѳ терс таасирин тийгизгендей эле, мээни да жабыркатат. Эртең мененки тамакты жай, шашпай ичиңиз. Жолдо баратып тамактанганыңыз туура эмес.











