Акча табуу үчүн мүмкүнчүлүктү баардык жерден издеңиз!


1. Акча табуу үчүн мүмкүнчүлүктү баардык жерден издеңиз. Эгер колуңузга чийки алмаз катылган таш тийсе, бирок аны тааный турган жөндөмүңүз жок болсо, демек, кадимки эле таш деп ойлоп ыргытып жибересиз. Дал ушундай эле, жашоодо көпчүлүк адамдар жолугуп калган инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү байкабай өткөрүп жиберишет.
2. Адамдар менен жакшы мамиле түзүңүз. Көп учурда жашоодо жеке же ишкерлик байланышыңыз айлап издеп таба албаган мүмкүнчүлүккө же билимге эшик ачып берет. Туура чөйрө – чоң мүмкүнчүлүктөрдүн булагы.
3. Акча табууну да башка өнөр сыяктуу эле үйрөнсө болот. Ар бир миллионердин өз ыкмасына айланган системасы бар, ал ириде үйрөнүүдөн башталган. Бай ишкерлердин биографияларын окуңуз, алардын ийгиликтүү стратегияларын эстеп калыңыз. Байыган адамдар менен сүйлөшүп, алардын жолун, каталарын жана жетишкендиктерин өздөштүрүңүз.
4. Акча табуу кызыктуу процесс. Туура жолду жана туура ой жүгүртүүнү тапкандан кийин, акча табуу машина айдагандай эле сезилет. Башында татаал: коробка, сцепление, арткы күзгү, ж.б. баарын ойлошуңуз керек. Кийин адатка айланат. Жөн эле отуруп, кайда барсаңыз ошол жакка айдайсыз. Эгер байлыкка жетүү кызыктуу болушу мүмкүн экенине ишенбесеңиз, кандайдыр бир жол менен өзүңүзгө тоскоол болосуз.











