Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн эркектер башка аялга үйлөнүп алышат?

Эмне үчүн эркектер башка аялга үйлөнүп алышат?

26-ноябрь, 17:57
501 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кымбаттуу айымдар, эгерде жубайыңыз сизден кетип калып, абдан келбеттүү, сулуу, жаш аялга үйлөнүп алат деген ойдо болсоңуз, анда жаңылышасыз. Жок, андай эмес, көпчүлүк эркектер өзүнүн жубайынан башка аялдын сулуу болгону үчүн кетпейт. Турна асманда гана көркөм көрүнөт, алыстан аны эч талбай карай берүүгө болот, ошол сыңары олуттуу себептер жаралбаса эркектер жөндөн-жөн эле өзүнүн сүйүктүүсүн алмаштырбайт. Мындай олуттуу себептерди биле жүрүңүз.

Биринчи себеп: күйөөсүн теңсинбөө. Чыныгы эркек аны тоготпогон жана теңсинбеген, урмат көрсөтпөгөн аялдын жанында жүргүсү келбейт. Эркек ар дайым өзүн лидер катары көрсөткүсү келет.

Экинчи себеп: анын жеке мейкиндигине баскычылык кылуу. Бул абдан маанилүү себеп. Көпчүлүк аялдар күйөөсү аны менен жашап жатса эле өзүнүн жеке мейкиндиги болбошу керек деп ойлошот жана анын баскан-турганын тыкыр көзөмөлгө алат. Ошондуктан анын маал-маалы менен өз жайына койгон дагы дурус болот.

Үчүнчү себеп: ыраазы болбоо. Күйөөсү аялына камкордук кылып, аны багат. Албетте, сөз чыныгы эркектер тууралуу болуп жатат. Бирок аялы дайыма нааразы болуп турса, бул дагы анын башканы тандашына жол ачат.

Төртүнчү себеп: аялдын өзүн карабай коюусу. Көп аялдар “күйөөм экөөбүз канча жыл чогуу турдук, ким үчүн жасанмак элем?” деп ойлошот. Эркек менен өмүр бою жашоону пландап жатсаңыз, өмүр бою денеңизге, жүзүңүзгө, келбетиңизге кам көргөндү унутпаңыз.

Бешинчи себеп: ал сизди сүйбөйт. Эң жөнөкөй жана коркунучтуу себеп. Сиз аны сүйбөйсүз, ал сизди сүйбөйт. Мындай учурда тек гана коё бериңиз. Сүйбөй калуу бул себеп эмесага чейинки кылык-жоруктар менен аракеттерге берилген баа деп да койсок болот.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер